Menu

Батыш элчилери Хожент түрмөсүндөгү тополоңду кылдат иликтөөгө чакырууда

Бөлүшүү:

Батыш өлкөлөрүнүн элчилери шейшемби күнү Тажикстан ТИМинин жана Башкы Прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушууда Хожент колониясындагы козголоң тууралуу толук маалымат алууга ниеттенишүүдө.

Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчилигинин ишенимдүү өкүлү Кевин Коверт билдирди:

– Биз Душанбени абактагы тополоңду кылдат иликтеп, камактагылардын укугун бузган кызмат адамдарын жазалоого чакырабыз.

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, 7-ноябрдан 8ине караган түнү Хоженттеги абакта кеминде 50 киши өлгөн. Жарадар болгондордун саны канча экени белгисиз. Абактын жети кызматкери ооруканада жатат.

Тажикстан бийлиги азыркыга чейин Хожент абагындагы козголоң боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин тополоң чыккан түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзод кызматынан четтетилип, камакка алынган. Сафарзодго “шалаакылык кылган” жана “кызмат абалынан ашыкча пайдаланган” деген айыптар тагылды.

“Абакта тополоң тутанганда Сафарзод жазасын өтөп жаткандарды өз алдынча токтотууга аракет кылган. Окуя жөнүндө жогорку органдарды өз убагында кабардар кылган эмес”, – деген булактардын бири.

​ Ал тапта Согди облусунун прокуратурасы тополоңго байланыштуу “Киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Алдын ала иликтөө боюнча жаңжалды түрмөдө отурган Субхиддинхуджа Худжаев жана Умар Ризоев аттуу жарандар баштаган. Андан соң соттолгондор түрмө кызматкерлерине кол салып, эки кишини өлтүрүшкөн. Козголоңду басуу үчүн ок атуучу куралдар колдонулганы айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: