Түркмөнстанда жарым жылга мамлекеттик гезит-журналдарга жазылуу өнөктүгү аяктоодо. Мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер өкмөттүк басылмаларга милдеттүү түрдө катталышы керек.
Катталган соң, каражат айлык акы, же стипендиядан кармалат. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, бюджеттик мекемелерде иштеген айрым кызматкерлер гезит-журналдарга жазылганын билбей деле калышат. Каражат кармалары тууралуу алдын ала маалымат берилбейт.
Талап боюнча, бир киши бир нече гезит-журналга жазылышы керек. Алардын арасында “Түркмөнстан” жана “Бейтарап Түркмөнстан”, “Ашхабад” гезиттери бар. Жарым жылга катталуунун баасы 106 манатты (Түркмөнстан Борбордук Банкынын курсу боюнча 30,2 доллар) түзөт.
Учурда өлкөдө 29 гезит жана 34 журнал жарыкка чыгат, алар негизинен мамлекеттик саясатты пропагандалоо менен алектенет. Эң көп нускалуу гезит – “Түркмөнстан”, Анын нускасы – 59228.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ