Каза болгон Баткен облусунун башкы прокурорунун 2 орун басары, облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы жана райондун прокурору кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирген.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери жүргүзулүп жаткандыктан, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушундай чечим кабыл алган.
Эске салсак, Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 17-ноябрдан 18ине караган түнү шаардын чыга беришиндеги Төрт-Күл суу сактагычынын жанынан табылган. Кылмышка шектүү делип М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Прокуратуранын башка кызматкерлери менен бирге маркум менен шектүүнүн аңчылыкка чыккандагын тастыктаган сүрөт кечээ жарыяланган.
Ал эми кылмышка шектүуү катары кармалган Баткен шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Кадамжай райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ