21-ноябрда “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн ээси Александр Рябушкин камакка алынды.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн акционерлеринин жазган арыздарын териштирүү убагында басылманын жетекчилери тарабынан мыйзам бузуулар болгону аныкталгандыктан, А.Рябушкиндин үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “алдамчылык жолу менен мүлккө зыян келтирүү” жана “жасалма документтерди жасоо жана пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ