Menu

Опол тоодой күчү  бар Матраимов

Бөлүшүү:

Бажы деген “сыйкырдуу” тармак бар экенин Раимдин буйтатмаларынан кийин жакшы билип калдык окшойт. Мурда анчалык көп маани берилчү эмес. Мурат Малабаев иштегенде деле  укмуштай  кептерге кабылганын уккан эмеспиз десек туура келет.  Кээде гана Акаевдин көздөй болгон “кошелегу”  деген сөздөр токулуп калчу. Анан эле  Раим миллион борборго бажынын төрагасынын орун басары  болуп келгенден кийин “легендалар” токула баштады.

Көрсө колу жеткен таасирдүү адамдардын баарынын оозуна доллар тиштетип  “демөөрчү” болуп алууга жетишиптир.  Анан ошолор  тим турмак  беле? Оң маалыматты жайнатпай жаны жокпу?  Ошондон улам кай бир басылмалар ойкуштатып, кайкыштатып Матраимовду мактап калышат жерге, сууга тийгизбей. Башка не кылмак эле  “ашказанын” майлап алышса? Айрыкча кимдин тоюна барганда 200 миң доллар бергени боюнча жаны калбай дуулдатышат. Чамасы ошол жазмакерлерге да шыбага берилет шекилди.

Жаш реформатор делип өкмөт башчы болуп келген Сапар Исаковдун түбүнө да ушул Раим жеткенин Алмазбек Атамбаев  өзүнүн маегинде өкүнүү менен айтты.  Көрсө иштен бошотуп койгону үчүн камакта жатыптыр да Сапаш?  Ошону менен бирге бажыдан түшкөн каражат көлөмүн чегинен ашыра толтурган Кубанычбек Кулматовду да ошол Матраимовдон өч алып берүү ниетинде темир тор артына киргизип салыптыр бийликтегилер. Ушунун баары ачыкталганы  коомчулукту дүрбөтүп койду.  Негизи жел болбосо теректин башы кыймылдабайт эмеспи? Демек, убагы келгенде баары үстүгө калкып чыгат дешке неге болбосун? Адам тагдыры оюнчук эместир?  Же пулу барлардын эле заманы өөрчүй береби? Күнөөсү болбосо камактан чыгарылсын,айыбын табышса жазасын беришсин да, жөн эле күчкө салып караңгы жерге камай бербей…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: