Menu

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин ою башка экен, биздин жардамыбыз менен “Центерраны” кысып, соодалашкан окшойт”

Бөлүшүү:

— Өмүрбек Чиркешович, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнун мүлкүн улутташтыруу эл аралык мамилелердин практикасына каршы келбейби? Атамбаев айткандай, Кыргызстан миллиарддаган доого жыгылбайбы?

— Мамлекеттин улутташтырууга болгон укугу, анын ичинде өзүнүн табигый ресурстарын жана байлыктарын өз алдынча тескөө, БУУнун башкы ассамблеясынын бир нече резолюцияларында бекемделген.
1. 1952-жылдын 21-декабрындагы №626 «Табигый ресурстарын жана байлыктарын эркин эксплуатациялоо укугу жөнүндө» БУУнун башкы ассамблеясынын резолюциясы.
2. 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) “Табигый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун башкы ассамблеясынын резолюциясы.
3. 1973-жылдын 17-декабрындагы №3171 (XXVIII) “Табигый ресурстардын үстүнөн туруктуу эгемендүүлүк жөнүндө” БУУнун башкы ассамблеясынын резолюциясы.
4. 1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) “Жаңы эл аралык экономикалык тартипти орнотуу тууралуу декларация жөнүндө” БУУнун башкы ассамблеясынын резолюциясы.
5. 1974-жылдын 12-декабрындагы №3281 (XXIX) “Мамлекеттердин экономикалык укуктарынын жана милдеттеринин хартиясы жөнүндө” БУУнун башкы ассамблеясынын резолюциясы.
1962-жылдын 14-декабрындагы “Табигый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун башкы ассамблеясынын №1803 (XVII) резолюциясында мындай деп айтылат:

“1. Табигый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүккө болгон элдердин жана улуттардын укугу тиешелүү мамлекеттердин улуттук өнүгүшүнүн жана калкынын жыргалчылыгынын кызыкчылыгында ишке ашырылышы керек”.

“2. Улутташтыруу, экспроприация же реквизиция, жарандардын да, чет өлкөлүктөрдүн да жеке жана тийиштүү кызыкчылыктарына караганда маанилүүрөөк деп таанылган коомдук пайданын, коопсуздуктун жана улуттук кызыкчылыктардын түшүнүктөрүнө же себептерине негизделеши керек…”

Көптөгөн мамлекеттер бул укугунан пайдаланышкан. Буга Араб өлкөлөрү, Түштүк Американын мамлекеттери өздөрүнүн жаратылыш ресурстарынын аркасында жакырчылыктан чыгып гана тим болбостон, өнүккөн өлкөлөрдөн болуп калышты.

Ошентип, азыркы эл аралык укуктун көз карашынан алганда, өз менчигин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана компаниялардын менчигин улутташтырууну ишке ашыруу эгемен мамлекеттин өзүнүн талашсыз укугу болуп саналат.

1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) БУУнун башкы ассамблеясынын резолюциясында (4-пункттун “е” пунктчасы) баардык мамлекеттерге табигый байлыктарга тиешелүү тигил же бул мамлекеттин эгемен укуктарын ишке ашырууга жолтоо болуу максатындагы түз же кыйыр аракеттерден өзүн тыюу сунушталат.

Улутташтырууну ишке ашыруу мамлекеттин ички компетенциясына тийиштүү болгондуктан, бир дагы эл аралык орган чет өлкөлүктөрдүн менчигин улутташтыруу боюнча чараларды талкуулай албайт. Улутташтырууну жүргүзүүнүн шарттары эл аралык укук менен эмес, улутташтырууну ишке ашырып жаткан мамлекеттин укугу менен аныкталат.

Бул абал, мисал үчүн, Англия-Иран нефти компаниясын Ирандын улутташтыруусуна байланыштуу (1951-ж.) Улуу Британиянын өкмөтүнүн даттануусун кароого БУУнун эл аралык соту өзүн «компетенттүү эмес” деп тапкан чечиминде тастыкталган.

— Көптөгөн өкмөт мүчөлөрү, эксперттер, юристтер, саясатчылар, коомдук ишмерлер «Кумтөр улутташтырылган жагдайда өзүнүн ишин токтотот, алтын казып алууну Кыргызстандын жарандары өздөрү алып кете алышпайт, Кыргызстан соттук доолордон жеңилет, анын жыйынтыгында миллиарддаган компенсация төлөйт ж.б.у.с. деп эсептешет. Мындай коркунуч реалдуубу?

— Соттук доолашуулар компенсацияга гана тиешелүү болушу мүмкүн. Мындай маселе пайда болгон жагдайда улутташтырган мамлекет жана анын соттору тарабынан ички укукка ылайык жөнгө салынышы керек.

“Табигый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун башкы ассамблеясынын 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) резолюциясында айтылгандай, улутташтыруу болсо: «4. … өз эгемендүүлүгүн турмушка ашыруу үчүн чараларды кабыл алып жаткан мамлекеттин эрежелерине жана эл аралык укуктарга ылайык ээсине тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. Компенсация жөнүндөгү маселе талаш жараткан баардык жагдайларда бул чараларды кабыл алып жаткан мамлекеттин улуттук соттук инстанцияларында аны чечүүнүн баардык мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат. Бирок, кызыкдар эгемен өлкөлөрдүн жана кызыкдар жактардын макулдашуусу боюнча талаш-тартыштар арбитраждык тартипте же эл аралык соттук чечимдер менен жөнгө салынышы керек».

Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы бир дагы адам компенсациянын зарылдыгы тууралуу маселени четке каккан жок. Мамлекеттердин өзүнүн компенсациянын түрүн жана өлчөмүн аныктоо укугу БУУнун башкы ассамблеясынын №3171/1973 резолюциясында бекемделгендиктен, «төлөп берүүнү» аныктоо бөлөк маселе.

01.06.1972 №59 «Ирак петролеум компаниясын» улутташтыруу жөнүндөгү» Ирак мыйзамынын 3-беренесинде компаниянын карыздарын (салыктар, операциялар менен байланышкан жергиликтүү карыздар) жана Ирак мамлекетине тиешелүү сумманы кемитүү менен ага Ирак мамлекети компенсация төлөп берери көрсөтүлгөнүн мисалга алуу ашыктык кылбайт.

Улутташтыруунун оппоненттери компенсациянын ар кандай суммаларын көрсөтүп, алар өлкөнүн жылдык кирешеси менен тете сумманы – 3 млрд. АКШ долларды көрсөтүп жатышат.

Мыйзам долбооруна ылайык, «КГКнин» мүлкү улутташтырууга жатат. Буга жараша, компенсациянын өлчөмү «КГКнин» автивдеринин алкагында каралышы мүмкүн. «КГК» ЖАКунун 2012-жылдагы бухгалтердик балансы узак мөөнөттөгү активинин суммасы 524.389 млн. АКШ долларына барабар болгонун көрсөтөт. Анын ичинен негизги каражат – 505.692 млн. АКШ доллары.

Бул жерде «КГК» ЖАКунун активинде 100% негизги каражаттардын ээси «Центерра» эмес экенин эске алуу зарыл. 2003-жылдагы «Кумтөр» долбоору реструктуризацияланганда, «Кыргызалтын» ЖАКуна 66.67% өлчөмүндөгү үлүш тиешелүү болгон, «КГК» ЖАКунун активиндеги негизги каражаттар «Центеррадагы» акцияларга алмашылбаган (конвертирленбеген). «Центерра» компаниясы сатып алуу жолу менен «КГКнин» үлүшүн алган эмес. Демек, «КГКнин» активдеринин негизги каражаттарындагы 66.67% үлүштүн ээси болуп «Кыргызалтын» ЖАК саналат. Натыйжада, компенсациянын өлчөмүн эсептөөдө «КГКдеги» негизги каражаттардын активиндеги тараптардын үлүшү эсепке алынышы керек.

«Центерра» текке кеткен пайда боюнча эсептерин көрсөткөн учурда, кыргыз тарап ага каршы 2003-жылы «Кумтөр» долбоорунун коррупциялык реструктуризацияланышынан келип чыккан Кыргызстандын текке кеткен пайдасы боюнча жана алардын “Кумтөрдүн” айлана-чөйрөсүнө келтирген зыянына тийиштүү эсепти чыгарып көрсөтүүгө укуктуу. «Центерранын» мөңгүлөрдү талкалап, мөңгүнүн үстүнө таштанды жыйып экологияга келтирген зыянын эсептеп, “Центерранын” мойнуна доо койсок, алар “Кумтөрдү” улутташтыргандан кийин да Кыргызстанга бересе болуп калмак.

Улутташтыруунун оппоненттери (алардын ичинде Атамбаев да бар) “компенсациянын өлчөмү 1-3 млрд. АКШ долларына барабар” деп, Кыргызстанды коркутушуп тим болушпастан, “улутташтыруу “Кумтөр” долбоорундагы өндүрүштү токтотот” деп шантаж кылып жатышат.

Улутташтыруу – долбоорду жоготуу же токтотуу эмес, болгону ээсинин алмашуусу. Эгер улутташтыргандан кийин канадалыктар кетип калса, “Кумтөрдү” иштетүү үчүн алтынды казып алууну билген, тажрыйбасы бар башка операторду чакырууга болот. Мындан сырткары, «Кумтөр» долбоорунда он жылдап иштеген кыргызстандык баардык жумушчулар жана инженерлердин көпчүлүгү алтын казып алуу боюнча тажрыйбаларды алышты, менеджмент боюнча практикалык сабактарды өздөштүрүштү, алтын өндүрүүнүн технологиясын үйрөнүштү.

— Сиз “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун киргиздим, аны мурдагы президент Атамбаев колдобой койду” деп айттыңыз. Ал «колдобойм» деп ачык айттыбы, же колдобогонун башкача билдирдиби?

— «Центерра» миллиондогон доллар акчага Кыргызсандагы ММКларды, ошонун ичинде КТРК менен ЭлТРди сатып алып, «Кумтөрдү» элге өткөрөбүз» деп көтөрүлгөн Көлдөгү саруулуктарды, парламенттеги депуттарды жана коомдук активисттерди «популисттер» деп, эл душмандары катары көргөзүп келди. Өкмөт, бакма эксперттер аларга кошулуп, макулдашылган аракет жасап турушту. Ошондо биз 5 фракциянын лидерлери президент Атамбаевге жолугуп, “Кумтөрдү” улутташтыруунун жоопкерчилигин өз мойнубузга алалы» дедик. Анткени, өкмөт башчы да, президент Атамбаев да жоокерчиликти алуудан качып, «эл аралык соттор Кыргызстандын мойнуна миллиарддаган карызды илсе, ким жооп берет, биз жооп бере албайбыз, силер жооп бере аласыңарбы?» деп фракция лидерлерине кайрылган. Биз ошондо Атамбаев менен жолукканда, жоопкерчиликти гана мойнубузга алаарыбызды билдирбестен, “Кумтөрдү” кантип улутташтыруунун жолун билерибизди да айттык. «5 фракциянын лидерлеринен турган атайын кеңеш түзөлү, анын башчысы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсун. Алмазбек Шаршенович, сиз өкмөткө, башкы прокурорго, УКМК төрагасына “Кумтөр” маселеси боюнча мына ушул фракция лидерлеринин кеңеши чыгарган чечимди угасыңар!» деп айтып эле коюңуз, калганын өзүбүз бүтүрөбүз” дедик. Биздин тактика – «Центерранын» шайын оодарып, аны аргасыз кылып, анан улутташтырууга киришүү эле. «Центерра» «улутташтырсаңар биз ишкананы токтотобуз, 6-7 млрд. сом жылына алып жаткан акчаңар жок болот, 3-4 миң жумушчулар ишсиз калат, анан Кыргызстанда социалдык нааразылык чыгып, дагы революция болот, ушуну калайсыңарбы?» деп Кыргызстанды ачык шантаж кылып туруп алды. Убагында мен Атамбаевге айттым, «Алмазбек Шаршенович, “Кумтөр” азыр биздин бюджетке 6-7 миллиард сом берип жатат, эгер анын иши басаңдап, бюджетке акча аз түшүп кала турган болсо, чын эле контреволюциячылар баш көтөрүшү мүмкүн, антпесин десек, Американын базасын азыр чыгарбай коё турушубуз керек, ал базадан да жылына Кыргызстанга 6-7 млрд. сом түшүп турат» дедим. Анда Атамбаев «жок, мен Россияга убада бергем» деп Американын базасын чыгарды. 6-7 миллиард сом бюджетке түшпөй калды, андан Кыргызстанда катастрофа болуп кеткен жок, бирок, биздин «Центеррадан» көз карандылыгыбызды күчөттү. Сүйлөшүүлөрдөгү позициябызды алсыздандырды. Демек, Атамбаев биз айткандай кылып, биринчи «Кумтөр» маселесин чечип алып, анан АКШнын базасына киришкенде, Кыргызстанга эч кандай тобокелчилик болмок эмес.

Кыргызстанды шантаж кылып, кекиртектеп турган «Центерранын» шайын оодарыш үчүн мен Кылмыш кодексине «шарттуу түрдө саботаж» деген жаңы статья киргизгем. Анын маңызы: «Кыргызстандагы стратегиялык ишканалардын ишин атайылап токтоткон жетекчилер оор кылмышта айыпталып, 10 жылдан 15 жылга чейин камалат» деген норма. Аны Жогорку Кеңеш колдоп, эки окуудан өттү, үчүнчү окуусуна, акыркы добуш берүүгө келгенде, Атамбаев айнып кетип, бул мыйзам долбоорун өткөрбөй койду. Биздин план боюнча, УКМК өз агенттерин киргизип, «Кумтөрдүн» ичиндеги абалды билип турса, улутташтыруу боюнча мыйзамды биз көп талкуулабастан, бир жабык жыйында кабыл алсак, президент дароо кол койсо, аскер киргизип, «Кумтөрдөн» эч кимди чыгарбай, өткөөл мезгил жарыялап, «Кыргызстанга өткөрүп алабыз» деп барсак, чет элдик адистер качып кетпейт эле. Качып кеткенге аракет кылышса, өндүрүштү токтото турган болсо, «биздин түрмө бейиш эмес, мына мындай» деп түрмөнүн четин көргөзүп отургузмакпыз. «Алардын эле көзүн карабастан, «Кумтөрдү” иштетип кете турган кыргыз адистерди, башка өлкөдөгү адистерди издеп таап коёбуз», деп план түздүк эле.

Ошол чаралар менен параллель экинчи вариантты иштей берели деп макулдаштык. Ал вариант мындай эле. Кыргызстан тымызын агенттер аркылуу «Центерранын» 20-25% акциясын сатып алып, үлүшүн 60%ке жеткириш керек эле. Мен Атамбаевге “мына азыр сиз «мен улутташтырууга макулмун» деп айтарыңыз менен «Центерранын» акциясы түштү. Саботаж жөнүндө мыйзам киргенде дагы түштү. Саруулуктар жаңжал салганда дагы түштү. Улутташтыруу боюнча мыйзам Жогорку Кеңеште карала баштаса, дагы түшөт. Мына ошол арзандаган акциядан 20-25 пайыз ортомчулар аркылуу сатып алып, өзүбүздүн үлүшүбүздүн 60 пайыздан (ал кезде 35-36 пайыз эле) ашырып коёлу. Анда биз компенсациянын өлчөмүн эки эсе азайтабыз» дедим. Фракция лидерлери да, Атамбаев да буга макул болду. «Бирок, акчаны кайдан табабыз, акча жок» деп калышты. Мен «Улуттук банкта 2 миллиардга жакын доллар жатат. Ошондон 200 млн. доллар алалы, акцияны сатып алып, үлүшүбүздү 60 пайыз кылалы да, анан шартыбызды коёлу» деп айттым. Бирок, «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамда Улуттук банктын резервин акцияларды сатып алганга пайдаланганга болбойт экен. Ошондуктан, биз шашылыш түрдө «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, «Улуттук банк өзүнүн резервдерин алтын түрүндө, чет элдик волюталар түрүндө гана эмес, чарба субъектилеринин акциясы катары да сактай алат» деген норманы киргиздик. Ошол өзгөртүүгө ылайык, «Центерранын» 25 пайыз акциясын сатып алып, Улуттук банктын сактоосуна бермекпиз. Баардык фракция лидерлери да, Атамбаев да муну дагы колдошту. Атамбаев мага «Өмүке, сен да кыйкыра бер, мен да бул жактан «ойлонолу» деп турайын, баасы түшө берсин, сатып алабыз» деди. 2014-жылы жайында парламент жайкы эс алууга кетип жаткан акыркы күнү мыйзамды үч окуудан кабыл алып бердик. Атамбаев кол койду. Бир ай өттү, үч ай өттү, Атамбаев мени чакырган жок. Анан өзүм кирдим. «Алмазбек Шаршенович, мыйзам кабыл алынды, сиз колдодуңуз, рахмат, эми макулдашкандай өкмөттү, башкы прокурорду, УКМКны чакырыңыз да, «аткара турган фракция лидерлери, топтун жетекчиси Текебаев» деп айтыңыз, биз эми сатып ала турган агентти таап, акцияларды сатып ала баштайлы, параллелдүү түрдө улутташтыруу боюнча мыйзамдарды өткөрө баштайлы, тиешелүү кадр, эксперттерди, адистерди топтой баштайлы», десем, Атамбаев «Өмүке, менде жакшы жигит бар, бизнести укмуш билет, ал муну бир паста жасап коёт, сен каршы болбосоң, ушул ишти ошого берели, аты Албек» деди. Ал Албек Ибраимов экен. Мен ага чейин Албек жөнүндө уккан да эмесмин. Анан мен «макул, ким бул ишти аткарса дагы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн болсо жакшы. Сиз өзүңүз Албектин ишин көзөмөлдөп, өзүңүз жооп бересиз» деп чыгып кеттим. Бир жыл өттү, Албек иш кылган жок. 2015-жылы мен бул боюнча Жогорку Кеңештин трибунасынан «Алмазбек Шаршенович, жоопкерчиликти эч ким албайт, ким жооп берет дедиңиз эле, биз фракция лидерлери алганбыз, Улуттук банк жөнүндө мыйзамды да өзгөртүп бердик, бир жыл өттү, бир иш кылган жоксуз» деп ачык айттым. Мен депутаттага айтып коюшум керек. Улуттук банк жөнүндө мыйзамга киргизилген ошол өзгөрүүнү жокко чыгарып коюш керек. Болбосо, Улуттук банк холдингге айланып кетүү коркунучу бар.

— Эгер Улуттук банктын 200 миллион долларына акция алып койгон болсоңуздар, бул Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө зыяны тийбейт беле?

— Биз бул жөнүндө да ойлондук. Улуттук банктын ишине зыяны тиймек эмес. 2015-жылы Улуттук банк 2 млрд. доллардын 700 млн. долларын базарга алып чыгып сатып, ансыз деле жок кылды. Биздин план боюнча 200 млн. долларга 25 пайыз акция сатып алсак, 60 пайыз акция бизде болгондон кийин, биз «Центерраны» Торонтодон Бишкекке көчүрүп келип, чыккан алтынды Лондондун биржасында долларга эмес, Кырызстанда сомго саталы, алтын керек болгон адамдар ушул жерден алып кетсин» дедик. Эгер андай боло турган болсо, жылда 20 тонна алтынды Кыргызстандан сом менен сатып кетишсе, Кыргызстандын акчасынын курсу алтындын эсебинен эле кармалып турмак. 60 пайыз акция менен «Центерранын» саясатын өзгөртүп, Кыргызстандын дивидендин көбөйтмөкпүз. Кыргызстан жылына бир нече жүз миллион доллар дивиденд алып турушу мүмкүн эле. Бирок тилекке каршы, Атамбаевдин ою башка экен, биздин жардамыбыз менен «Центерраны» кысып, соодалашкан окшойт. «Центеррага» мөңгүлөрдү бекер талкалаганга уруксат бергени шектендирет.

— Эми «Центерра» мөңгүнү талкалап, ачык жол менен «Кумтөрдүн» алтынын алып, миллиарддаган доллар экономдоп калат экен. Ошол экономдогон акчасынын бир бөлүгүн Кыргызстанга береби, талкалаган жүздөгөн миллион тонналаган мөңгү үчүн акы төлөйбү?

— Эгер миллиарддаган долларды биздин мөңгүбүздү талкалап, экономдоп жаткан болсо, анын жарымынан көбүн Кыргызстанга бергенге алар милдеттүү. Бирок, өкмөт да, Атамбаев да ушул мыйзамды кабыл алып берип жатканда андай шарт койбостон, «Центеррага» миллиарддаган долларды белек кылып коюшту да. Жалпы эле депутаттар, ошонун ичинде «Ата Мекен» партиясы, ушул жерден белгилеп койгум келет, депутат Эркингүл Иманкожоева мөңгүлөрдү сактап калыш үчүн абдан катуу күрөштү. «Мөңгүнү талкалаганды токтото албасак да, жок дегенде талкалаган мөңгү үчүн канадалыктар акча төлөсүн» деген маселени койдук. Ошентип, биз канадалыктар эки маселе үчүн акча төлөөсүн талап кылдык. Биринчиси, жүз миллиондогон тонна таштандыларды мөңгүнүн үстүнө таштап булгагандыгы үчүн, экинчиси, мөңгүнү талкалагандыгы үчүн төлөм. Өкмөт 2013-жылдан баштап, «мөңгүлөрдүн бир кубометрин талкалаганга канча акча кеткенин эсептей турган методика жок» деп туруп алды. «Ата Мекен» фракциясы жылына бул маселени бир нече жолу көтөрүп, өкмөттү «методика иштеп чыккыла» деп тынымсыз көзөмөлдөп турдук. Андан бери беш жыл өттү. Тилекке каршы, өкмөт ошондой методиканы иштеп чыккан жок. Атайылап иштеген жок. Анткени алар «Центерра» мөңгүнү бекер талкаласын» деп турушту. Коомчулуктун катышуусу менен Иманкожоева мөңгүгө келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча методиканы иштеп чыкты. Тилекке каршы, Атамбаев жана анын партиясы бул мыйзамды дагы саботаж кылып өткөргөн жок. Баса белгилегим келет, депутат Эркингүл Иманкожоева «Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуш кылды, Жогорку Кеңеш үч окууда колдоп берди. Бирок, президент А.Атамбаев бул мыйзамга вето койду. Атамбаев «Центерранын» пайдасы азайып калат экен» деп аргумент келтирди. Ушул жагдай Атамбаевдин жүзүн ачты. Атамбаев депутат Иманкожоевага абдан тарынган экен, аны 2015-жылкы парламенттик шайлоодо партиялык тизмеге киргизбей койду.

— Кумтөр маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келе жатат. Өкмөт ал боюнча өз позициясын айтпай, унчукпай отурат. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «Кумтөр» менен келишимге акыры жетиштик, «Кумтөрдөн» 80 млн. доллар төлөтүү тууралуу келишимге кол койдук» деп айтты эле. Ал кандай келишим?

— Сапар Исаковдун жасаган биринчи иши, кылмышы десем да болот, Суу кодексине «мөңгүлөрдү талкаласа боло берет» деген өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизгени болду. Ал кабыл алынар менен Атамбаев кол койду. Бул иш булардын уюшулуп, макулдашып жасашкан иши. Экинчиси, «Кумтөр» менен сепараттык (парламент менен макулдашылбаган) келишим түзүп, Кыргызстандын «Кумтөргө” болгон бүт доосун кечип салды. «2016-жылга чейинки жаратылышка, мөңгүлөргө келтирген зыянын доолабайт жана мындан кийинки келтирген зыяндар үчүн да «Кумтөргө» доо артпайт» деген келишимге кол койду. Бул жеткен кылмыш.

Эми 80 млн. доллар боюнча. 2013-жылы мамлекеттик комиссия «Кумтөр» мамлекетке 16 млрд. сомдук зыян келтирди» деген чечимди чыгарган. Ал эми өкмөттүк эмес уюмдар «5 млрд. доллар зыян келтирди» деген тыянак беришти. Бирок, өкмөт «16 млрд. сом гана зыян келтирген» деп туруп алды. Сот жакындаганда өкмөт 16 милларддын 10 миллионун кечип, 6 млрд. сом гана доолап турушту. Кыргызстандын соту «6 млрд. сом зыян келди» деп чечим чыгарып, Кыргызстан 6 млрд. сом «Кумтөрдөн» утту. Бул 100 миллион доллардай акча болот. Ондогон эсе азайтып келгенде дагы, Кыргызстан 100 миллион доллар «Кумтөрдөн» утту. Сапар эмне кылды? Ал миллирддаган мурунку кетирген зыяндарды кечип салды. «Биз аларды доолабайбыз, мындан кийинки келтирген зыяндарды да кечтик» деди. «Кумтөр» болсо «сотуңар, 100 млн. доллар төлөгүлө» деп чечим чыгарып койгон, ошол чечимди да жокко чыгаргыла. Биз 100 млн. эмес, 80 млн. берели, аны да дароо бербейбиз, бөлүп, 10 жылда беребиз» деди. Мына ошентип, «гениалдуу жаш өкмөт башчы» делген Сапардын «Кумтөр» менен чечилбеген маселени тез эле чечип койду» деп пропагандалап жаткан келишиминин маңызы так ушундай. «Центеррадагы» биздин акция азайганына карабай, С.Исаков жаңы участкаларды чалгындоого деген шылтоо менен «Центеррага» берип койду. Өз үлүшүбүздү көбөйтүүнүн ордуна бекер берип койду. Ал келишим бүгүнкү күнгө чейин жашыруун болуп, катылып турат. Накта чыккынчылык. Бул келишим боюнча дагы Сапар Исаков гана эмес, Атамбаев да жооп бериш керек.

— «Кумтөр» кенинин кыргыз экономикасындагы орду чоң. Сиз «Кумтөр» мөңгүгө зыянын тийгизбей, алтынды жер алдынан казып алыш керек» дейсиз. Алар пайда көрбөй, кен жабылып калса, миңдеген адамдар жумушсуз калып, бюджетке келип түшүп жаткан 6-7 млн доллар жок болуп калса, бул Кыргызстанга оор залакасын тийгизбейт беле?

— «Центерра» Монголия, Түркия, АКШдан алтын кендерин сатып алып, аларды иштеткенге аракет кылып, акча салып жатат. Мына ошол инвестициянын 90 пайызы «Кумтөрдүн» эсебинен. Демек, биздин эсебибизден болуп жатат. Эгер «Центерра» алтынды жер алдынан казып алса, албетте, алардын пайдасы азаймак. Сыртка кетип жаткан инвестициялар Кыргызстандын өзүндө калмак. Алтынды жер алдынан казып алуу – бул көп эмгек кетет, көп чыгым кетет дегенди билдирет. Демек, жумушчулардын саны эки эсе көбөймөк, алар алган айлыктын көлөмү да, социалдык фондго төлөмдөрү көбөймөк, жумушчулар төлөгөн киреше салыгы көбөймөк. Ал эми «Кумтөрдүн» төлөгөн салыктары да көбөймөк. Кыргызстанга бул эч кандай зыян алып келмек эмес. Ооба, «Центеррага», Кыргызстандан башка акционерлерге зыяны тиймек. «Центерранын» акциясы арзандамак, бул өз кезегинде бизге «Кумтөрдү” улутташтырганга шарт түзмөк. Ошон үчүн биз «жер алдына кирип казсын» деп талап кылдык. Бирок, «Кумтөр» 2012-жылдан баштап, «жер алдына кирсек «Кумтөр» жабылып калат, 3 миңден ашык ысыккөлдүк жумушчулар жумушсуз калат, жер алдынан казсын дегендер эл душмандары» деп бүтүндөй ММКлардан бизди, башка патриотторду жамандатып туруп алды. «Кумтөр» биздин эсебибизден миллиондогон долларга ММКларды сатып алып, Кыргызстандын эмес, «Центерранын» кызыкчылыгын корготту. Мейли, өзгөчө орус тилинде жазган басылмаларга баары бир дейли, бирок КТРК менен ЭлТР «Центерранын» акчасын алып, ошолордун ырын ырдап туруп алды да. Аларга өкмөт менен президент Атамбааев кошулду да. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон Садыр Жапаров баш болгон көлдүк патриотторду кыргыз бийлиги куугунтуктады, камады. Ушунун баары «Центерранын» заказы менен болгон иштер.

Маекти алууга жардам берген адвокат Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз…

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

 

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: