Түркиянын Кайсери шаарында Кыргызстандын эки жараны ат сойгондугу үчүн кармалышты. Turkhaber агенттиги маалымдагандай, жергиликтүү тургундар чет элдик эки жаран атты союп жатышканын көрүп, тасмага тартып алып, полицияга кабарлашкан.
Окуя болгон жерге келишкен укук коргоочулар касапчыларды кармашса, алар кыргызстандык ата-бала болуп чыгышкан. Кармалгандар өз иш-аракеттерин атты союп, этин жегиси келгендиктери менен түшүндүрүшкөн.
Шаардын ветеринардык кызматы кыргызстандык касаптарга 9 миң лира (118 миң 50 сом) өлчөмүндөгү айып пул салышкан.
Айта кетсек, түрктөрдүн көпчүлүгү жылкы этин жешпейт.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ