Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Сары-Ой айылында 15 жаштагы баланын жоголуп кеткендиги тууралуу мурда маалымдалган.
Жоголгон Саадак уулу Азиреттин сөөгүн Нарын дарыясынын жээгинен 21-ноябрь күнү табылды. Туугандары “KyrgyzTodayге” баланын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз экендигин билдиришти.
Эске салсак, Азирет Саадак уулу 16-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.
Буга чейин Азиреттин байкеси менен байланышканда: “Мектепте өзүнөн бир жаш кичүү бала менен урушуп кетиптир. Андан кийин үйдөн чыгып кеткен боюнча келе элек. Нарындан Бишкекке чейин издеп жатабыз”,-деп билдирген.
Бүгүн, 23-ноябрда Азиреттин байкеси: “Өлүм тууралуу азырынча эч нерсе айта албайбыз. Азыркы убакта милиция кызматкерлери урушка күбө болгондордон сурак алып, териштирүү жүргүзүп жатышат. Азыр бизде эч кандай божомолдор жок”,-деп айтты.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ