Алмазбек Атамбаев «Апрель” телеканалындагы маегинде чоң саясаттан кетпей турган себебин чечмелеп айтып берди. Өлкөдөгү азыркы жагдайдан улам саясатта калууга аргасыз экенин билдирди: «Билесиңерби, мен чоң саясатта президент, премьер болоюн, же кайсы бир кызматка барайын деп калган жокмун. Болгону мен Бакиевдердин заманынын кайра келишин каалабайм. Биздин өлкө биз салган жолду жоготуп алышын каалабайм. Мен 2017-жылы үзгүлтүккө учураган конституциялык реформаны жүргүзгүм келет. Мен таптакыр башка иштер менен алектенейин, парламенттик шайлоого өзүмдүн командамды топтоюн, Алтай цивилизациясы, тил, тарых жана бизнес менен алектенейин деген элем. Тилекке каршы, азыр өлкөдө кайра Бакиевдердин жолуна түшө тургандай жагдай жаралды. Ошондуктан чыныгы парламенттик өлкө болушубуз үчүн, балким жаш саясатчыларга жардам берүү максатында мен саясатта калганга аргасызмын» деп билдирди.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ