Депутаттар жалпы жыйынга жумасына болгону эки жолу гана жыйналышат. Буларда такыр эле уят-сыйыт деген калбай калды окшойт. Элден деле уялбай калышты. Башка күндөрдү айтпайлы, эми кур дегенде ушу жалпы жыйынга да жыргатып катышпайт. Кечээ мисалы, түшкү тыныгуудан кийин мамлекет үчүн маанилүү делген Социалдык фонддун бюджети, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча бир катар маанилүү маселелер каралмак. Алар болсо жок. Жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Асел Кодуранова депутаттарды иш бөлмөлөрүнөн кайра-кайра чакыртып жатып, араң дегенде арадан 30-40 мүнөт өткөндөн кийин залга 15ке жетпеген депутат эптеп «толду». Мамлекеттин эсебинен олчойгон акчаларды алып олтурган да ушулар. Ушундан көрө тарап эле кетишпейби десең! Минтип олтурушса, эл буларды «оптом» айдап чыкпас бекен? Болбосо, бетпактыктын да чеги болуш керек го? Кайран эл, шордуу эл, ушуларды шайлаган!
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ