Menu

Тажикстандын Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы отставкага кетти

Бөлүшүү:

Тажикстандын юстиция министринин орун басары жана Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Иззатулло Шарифзода кызматтан алынды. Өлкө президенти 23-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, ал пенсияга чыкканынан байланыштуу отставкага кетти.

Жазаларды аткаруу кызматынын башчылыгына өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрага орун басары Мансурджон Умаров дайындалды.

Изатулло Шарифзода Хоженттеги түрмөдө тополоң чыгып, бийликтин маалыматы боюнча 21 камактагы адам каза болгондон кийин отставкага кетти.

Бирок айрым булактар 8-ноябрга оогон түнү башталган тополоңду баасуу маалында камактагылардын 50гө жакыны каза болгонун кабарлашууда. Мындан тышкары абактын эки кызматкери өлтүрүлүп, дагы бешөө оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Буга чейин тополоң чыккан абактын жети кызматкери, анын ичинде жетекчиси Файзулло Сафарзода менен режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров камакка алынган. «Тополоң чыкканда Файзулло Сафарзод өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматына кабар бербестен, камактагыларды өз алдынча тынчытууга аракет кылган», — деп билдирген өз булак.

Түрмөдөгү тополоң үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: