Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов БУУнун камкордугу алдында 28-ноябрда Женевада өтө турган Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга катышат.
Өзбекстан ТИМи кабарлагандай, сапар алкагында өзбек делегациясы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Өткөн аптада Евробиримдик эл аралык коомчулукту Ооганстанда тынчтыкты орнотууга көмөктөшүүгө чакырган. Акыркы айларда Кабулда бир нече жолу жардыруу болду.
25-ноябрда Ооганстандын Фарах провинциясында полициячылар бараткан автоколонна жоочу-талибдердин буктурмасына кабылып, жыйырмадай кызматкер мерт болгон. Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттиги кабарлаган.
Ооганстан куралдуу күчтөрү 2014-жылы өлкөдөн НАТОнун аскерлеринин көпчүлүк бөлүгү чыгарылгандан кийин өз дарамети менен талибдерге жана башка куралдуу топторго каршылык көрсөтүүгө аракет жасап келет.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ