Menu

Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отурумуна Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов алып келинген жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Белгилүү болгондой, прокуратура 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучуга СИЗО-1де камакта кармоо мөөнөтүн узартууну суранууда.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, айыпталуучунун катышуусуз сот баш коргоо чарасын узартуу маселеси боюнча сот отурумун өткөрө албайт. «Сот баш коргоо чарасын узартуу жөнүндөгү арызды айыпталуучунун катышуусу менен гана карашы керек. Сот мындай жараянды айыпталуучунун стационардык психиатриялык экспертизадан өткөндө гана жасай алат. Бирок, андай жагдайлар жок. Ошол эле учурда коргоочунун катышуусу милдеттүү», – деди ал.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев, анын жансакчылары Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев, ошондой эле Фарид Ниязов Ички иштер министрлигинин тергөө тобу тарабынан массалык башаламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: