Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Алатай» жаратылыш паркына 10 фотокапкан коюлду. Бул тууралуу ПРООНдун Кыргызстандагы байланыш боюнча консультанты Мирлан Дыйканбаев билдирди. Эми фотокапкан аркылуу жан-жаныбарлардын санын, абалын жакындан таанып билүүгө жол ачылат. Ошондой эле жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылыкка чыккандарды аныктоого өбөлгө түзөт. Фотокапкандар коюлардын алдында жаратылыш паркынын токойчулары аны кантип орнотууну, алынган маалыматты кантип чогултуп, пайдалануу керектиги тууралуу окуудан өтүшкөн.
«Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркы өкмөттүн токтому менен 2016-жылы түзүлгөн. Анын жалпы аянты 56 миң 826гектарды түзөт. Парктын аймагын 200дөн ашык түрдүү жаныбарлар байырлайт.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы «Кан-Ачуу» жаратылыш паркына да фотокапкандар коюлган болчу.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ