Menu

Казакстан: «жихад» иши боюнча айыпталгандар сотто колдорунун кан тамырларын кесишти

Бөлүшүү:

27-ноябрда жихадчылар иши боюнча айыпталып жаткан жарандар судьянын чечимине нааразылык билдирип, сот отурумунда колдорундагы кан тамырларын кесип жиберишти.

Facebook социалдык түйүнү аркылуу көрсөтүлгөн отурумда Алмат Жумагулов менен Оралбек Омыровдун колдорунан кан агып жатканын көрүүгө болот. Омыров эки колунун, Жумагулов сол колунун кан тамырын кескен. Ал эми үчүнчү айыпталуучу Кенжебек Абишев өзүнө кол салган эмес.

Адвокат Гүлнара Жуаспаеванын айтымында, соттолуучулар судья күбөлөрдү суроо жана эксперттерди чакыруу тууралуу өтүнүчтү канаттандырбагандан кийин кан тамырларын кесишкен. Алар мындай жол менен судьянын чечимине нааразылыктарын билдиргилери келген.

Сотто айыпталуучулар Алмат Жумагулов, Оралбек Омыров жана Кенжебек Абишев тергөө маалында алардын укуктары бир канча жолу бузулганын, судья менен прокурорлор болсо тергөөчүлөрдүн мыйзам бузуулары тууралуу билдирүүлөргө көңүл бурбаганын айтышкан.

Алматынын 44 жаштагы тургуну Алмат Жумагулов терроризмди пропагандалоого жана улут аралык кастыкты козутууга, 52 жаштагы Кенжебек Абишев менен 48 жаштагы Оралбек Омыров терроризмди пропагандалоого айыпталып жатышат. Алар айыптоолорду четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдиришүүдө. Үчөө тең былтыр күздөн бери тергөө абагында камакта жатышат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: