Menu

Борбор Азияда адам сатуу боюнча 95 факт аныкталды

Бөлүшүү:

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аймагында укук коргоо органдарынын кызматкерлери 4 күн ичинде адамдарды сатуу боюнча  95 фактыны аныктоого жетишкен. Буга байланыштуу иш-чара биринчи жолу 22-ноябрдан 26-ноябрга чейин  аталган 4 өлкөдө “STOP трафик” аталышында өткөн. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда Казакстандын ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстанда  67 факт катталган, анын ичинен 14  адам сатуу  фактысы аныкталган.  Жашы жете элек балдарды сатуу боюнча  2 факт,  сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоо боюнча 7 факт ачыкка чыккан. Мындан сырткары, сойкулукка карата 71 факт катталып, ага тийиштүү 21 административдик протокол түзүлгөн.

Казакстан менен Өзбекстан полициясынын кызматкерлеринин биргелешип иштөөсүнүн негизинде, Казакстандын аймагында 2 кылмышкерди кармашкан. Алар “адам сатуу” жана “алдамчылык” кылмыштары менен айыпталып, Өзбекстанда эл аралык издөө жарыяланган.

Ал эми Кыргызстандын Бишкек шаарында сексуалдык эксплуатация үчүн 28 жаштагы аялды уурдап кетүү кылмышы алдын ала токтотулган.

Өзбекстандын полициясы болсо, 2015-жылы Дубайга жашы жете элек кыздарды  жыныстык кызмат көрсөтүү үчүн жибергендиги аныкталган, 27 жаштагы аялды кармаган.

 

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: