Menu

Эгерде парламент талаптагыдай иштегенде…

Бөлүшүү:

Кулакты чуулдаткан, анча-мынча элди дуулдаткан курултай деле болуп өттү. Ошол укмуш жыйынтык чыгарат деген курултайга жадегенде Мукар Шалтакович келбей койду, эмнени кыйратышмак эле деп. Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаедер деле баш баккан жок курултайга. Ал эми Адахан Мадумаров болсо, өзүнүн деңгээлинен төмөндөргө убактысын короткусу келбеди шекилди. Ошондуктан, билген намазыңарды окуй бергиле дегендей мамиле жасап койгону ачык билинди. Чын эле аларга эмнени айтмак эле?

Анткени, андан үч күн мурда айтчусун экстер менен ажонун жолугушуусунда таамай билдирип, көбүнүн чыкыйына бара мык кагып таштаган. Ошондо сөзгө бираз маани бергендер курултайга келбей коюшту. Баягыл атка жеңил, тайга чактар гана желип, жортуп жетип келишип, акылдуу сунуштарын божурашты. Кызыгы, илгерки убактылуу өкмөткө эрмешкендерден А. Бекназаров, Э. Каптагаев, К. Дүйшөбаев, И. Исаковдордун неге келгени айдан ачык сезилип калды. Алар бир ооздон кеткен кишинин дарегине ташпишин шылдыратышты. Андан башкага чамасы деле жетмек эмес. Караңгы жердин боткосун жеп, айып пулун төлөп эркиндикке чыккандар дагы уюп калган буктарын чыгарууга жетишишти. Баса ак үй тараптан Максимдин кайнагасы А. Кененбаев келип бирдемкени чулдурагандай түр көрсөттү.

Саясаттын уңкул-чуңкуруна уруна берип төбөсү шишиген Равшан Жээнбековдун сөзү кыйла реалдуу болгонун журтчулук байкады. Ал эми акыркы убакта резонанстуу маселелерди көтөргөн адвокат Нурбек Токтакуновдун туздуу кебине кол чабышты. Анткени ал азыркы бийликти да туура сындоо менен эски салынган жолдо кетип баратканын көзгө сайгандай көрсөттү. Ошентсе да жагалданууга көндүм болуп калгандар мурдагы бийлик башында болгон кишиге тишин кайрап, артыңда биз турабыз деген белгисин азыркыга берүүгө умтулушту. Бирок, андайлардын сөзү менен жасаган иши дал келбесин коомчулук сурабай туруп билип калган.

Ошондо не деген жыйынтык чыгарса болот? Эгерде парламент толук кандуу, калк күткөндөй иштесе минтип орто жолдон курултайчылар чыкмак эмес. “Биржага” айланып калган парламенттин калк ичинде кадыры жоктугу үчүн ар кандай бирикмелер, уюмдар баш көтөрүүгө батынып жатышканы жөн жерден эмес. Ушундай мажирөөлүктү көрүп турса да бир депутат демин ичине катпай, ачык чыгып, келгиле тарап кетели дегенге дымагы жетпейт. Ал тургай жети жылдан бери парламентте отуруп келаткан эл өкүлдөрү, лидер сыяктуумун дегендер деле эрдикке жарашпайт. Түрткүнчөк болуп күн өткөрүүгө көндүм болуп калган ак жакалуулардан буйруса 2020-жылы кутуларбыз деп турабыз. Аттиң, ошол кезде “рак шишигиндей” болуп калган эски илдеттен айыгар бекенбиз? Же шалтурук парламенттин түптөлүшүнө эки миң сомду ала коюп кайрадан өзүбүз салымыбызды кошуп, шөмтүрөп отуруп калабызбы…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: