“Бажы жана чек ара кызматынын өкүлдөрү ар бир туристти 5-10 доллар катары көргөнүн токтотушу керек”, – деп билдирди бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев.
Анын айтымында, Кыргызстан Грузия сыяктуу эле ачык мамлекетке айланышы керек. Парламентарийдин билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда дүйнөнүн 55 мамлекетинин жарандарына 60 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берген режимди мөөнөтсүз кылуу зарыл. Ал эми терроризм жана башка маселелер болсо, жөн гана шылтоолор.
“Бул авторитардык өлкөлөргө таандык көрүнүш. Кыргыз Республикасы болсо ачык өлкө бойдон калышы керек. 2012-жылы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 44 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим киргизип, ал өлкөгө пайда алып келген. Кыргызстанга келген туристтердин саны бир топ көбөйгөн. Бул – мамлекетке зарыл мыйзам, жөнөкөй жарандардын чөнтөгүн, мамлекеттик бюджетти толтурууга жардам берет” – деди Жанар Акаев.
“Аэропорттордо англис тилин билген бажы кызматкерлерин коюу керек. Чет тилде жакшы сүйлөгөн кызматкерлердин айлык акысын көтөрүш абзел, ошондо алар жумушуна жоопкерчилик менен мамиле кылат” – деп, өз оюн жыйынтыктаган эл өкүлү.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ