Бүгүн, 29-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Айсулуу Мамашова: “Балдардын көйгөйүн майрамдарда гана айтуу көнүмүш адатка айланды”, -деп билдирди.
“Бизде азыркы убакта канчалаган балдар оор жашоо-турмушта күн кечирүүдө. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 30 миңден ашуун, жашы жете элек балдардын 30%ы иштеп жүрүшөт. Ата-энеси чет өлкөгө кеткен балдар кароосуз калууда. Кыргызстанда жылына 40 миңден ашуун нике катталат, анын ичинен 10 миңден ашууну эки ача жолго түшөт. Ажырашууда ортодогу балдар жабыр тартышууда. Миңдеген балдар атасы же энеси бар туруп, балдар үйүндө тарбия алууда”, -деп кошумчалады депутат.
Жакында, балдардын маселеси менен алектенген бирикме президентке кайрылып, 2019-жылды “Балдар жылы” деп жарыялоону сунуштаган. “Мен дагы кесиптештеримди, өкмөттү жана президентти ушул демилгени колдоого чакырам. Балдар үчүн бардык аракетибизди жасайлы”, – деп айтты Айсулуу Мамашова.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ