Menu

Эмне үчүн курултайды саясый элита колдогон жок?

Бөлүшүү:

Буга чейин эчендеген курултайлар өтүп келген. Эл үчүн ийгиликтери болдубу, же кайсы бир максаттарга жетүү үчүн саясатчылардын куралына айланып келди беле? Адатта бийликтен четтеп калгандар ушул сыяктуу ар кандай иш-чараларды уюштурушуп, жеке кызыкчылыктары үчүн пайдалангандары мурда да болуп келген.

Ал эми өткөн жумадагы курултайга коомчулук тарабынан тескери баалар берилип атканы жашыруун эмес. «Анча-мынча сындагандарды аралаштырып коюшуп, бийликке жагынуу аракеттерин кылышты» деген пикирлер басымдуу болду. Негизи кайсы гана демилгелүү акциялар болбосун, биринчиден, аны уюштурган башындагы адамдарга карата баа берилет. Мисалы, К.Дүйшөбаев бийликте жүргөндө элдин талабын уруп ойнобой, Акаев доорунда чындык издеген аксылыктарга кыянаттык жасаганы, 2010-жылкы революциядан кийин июнь коогалаңын алдын албаганы боюнча сөз ээрчтип келет. Э.Каптагаевдики да ушундай, убагында А.Атамбаевдин астында «жөргөлөп», кызмат алып жүрүп эле кийин тескери бурулуп кетти. К.Бакиевдин «акыйкатчысы» болгону үчүнбү, айтор, Т.Акун 7-апрель күнү эден таяк жеп, четке сүрүлүп калган. А.Бекназаровдун ар бир революциядан соң жашоосу оңолуп калганычы, ары жагы түшүнүктүү эмеспи (Ө.Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмөсү боюнча кылмыш иши козголуп атты эле, «соодалашып» алганбы?). Н.Түлеев болсо эски режимдерде «майталкандын» үстүндө жүрүп, революциядан кийин камалып, «кусканы» менен элдин эсинде. Айтор, ушул сыяктуу эски жүздөр курултайдын башкы каармандары болуп отурушса, анан кайдан эл ишенсин? Корсулдап үн чыгарып койгондору үчүн алды элчилик кызматтарга кетип атышканы жакында ачыкталабы? Ал жердеги бирин-экин кадырлуу аксакалдар менен депутаттарды эске албаганда, көпчүлүгү Кудайдан жөө качкандай образ беришкеничи? «Атамбаевсиз КСДП» ураанын колдогондордун делегаттары да келишкени ыраспы? Кыскасы, шектүү суроолор көп.

Дагы бир орчундуу жагдай, бул курултайды саясый элитанын жоон топ катмары колдогон жок. Эгерде жылуу ой-пикирде болушса барышмак да. Биз аларды көргөн жокпуз. Маселен, Р.Отунбаева, Ф.Кулов, А.Жекшенкулов, Т.Сариев, А.Мадумаров, Ө.Суваналиев, Б.Наргозуев, Э.Ибраимова, Ч.Жакупова, К.Ташиев, Э.Байсалов, А.Салянова, Р.Казакбаев, А.Шыкмаматов, М.Иманкулов, А.Сулайманов, Б.Төрөбаев, А.Ким ж.б. Башкаларды айтпасак да, бул аты аталгандар коомдук-саясый кырдаалга кайдыгер карашпай, ар дайым үн кошуп турушканы менен белгилүү. Эгерде өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча курултай демилгеленип атса, жогорудагы саясый элитанын өкүлдөрү сөзсүз түрдө барышмак. Балким, бул курултай кайсы бир деңгээлде жеке кызыкчылыктардын куралына айлануусу менен башкаларды иренжиткенби? Эл биле элек дагы кандай сырлары бар? Эмесе, жазга чейин бийлик менен «соодалашуулар» оңунан чыкпай калса, курултайчылар өздөрү эле беткабын сыйрышабы? Күтө туралы.

Рамис Элебесов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: