Журналист Нарын Айып “Кеп ошондо” телепрограммасында КСДПдагы башаламандык улам күчөп бара жаткандыгына сереп салган.
Анын айтымында, учурда эрди-катын урушканда деле анчалык казан-аяк кагышып, ызы-чуу болбойт. Ал эми, социал-демократтардын арасында болсо, жума сайын чыр-чатактары ырбап, алардын жаңжалдарына улам жаңы адамдар, коомдун жаңы чөйрөсү тартылууда.
Ошондой эле, партиянын катарынан ардагерлер гана эмес, жаштар дагы чыгып кетип жаткандыктан, партлидерлер өздөрүнүн сөзүнөн чыкпаган жетеленме адамдарды партияга ала башташкан. КСДП лөктөрүнүн ою боюнча, учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чийининен такыр чыкпашы керек болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ