Menu

Парламент 2019-жылга бюджеттин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун долбоорун жактырды

Бөлүшүү:

КР Жогорку Кеңеши жалпы жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун карады. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Суроо-жооп форматында өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, өлкөнүн административдик ведомстволорунун жетекчилери катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен конструктивдүү иштөөгө ишеним көрсөттү.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей,  2019-жылга бюджеттин долбоорунда бир катар маанилүү жаңы киргизүүлөр камтылган.

Ошону менен бирге ал депутаттар тарабынан айтылган бардык сунуштар жана эскертүүлөр Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алынарын ырастады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: