Кечээ, 5-декабрда Ысык-Көл облусунда күчү 2, 5 баллга жеткен жер титирөө катталса, бүгүн 6-декабрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер силкинүү болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, жер титирөөнүн күчү Ысык-Көлдөгү Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга; ал эми, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга; Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, эки облустагы жер титирөөдөн жабыркагандар, же кыйроолор катталган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ