Menu

Фарид командасы менен жакында критке чабылабы?

Бөлүшүү:

Экс-ажонун башкы идеологу болуп жүргөн Фарид Ниязов шефине түзүгүрөөк саясий идеяларды бере албай, мокок болуп жатканын ким тана алат? Ниязовдун идеологиясы менен мурунку президент бүгүнкү кейиштүү абалына кептелгени ырас эмей эмине? Президентти аңга түртүп салгандардын сап башында Илмиянов менен Ниязов турганын өзгөлөр эмес, өз адамдар айтып жатканын кантип жокко чыгарат? Азыр Атамбаевдин абалы чындыгында кыйын. Жанында оту менен кирип, күлү менен чыккандардын бирөөсү да жок. Эбак каранын көрсөтпөй качып кетишкен. Фарид баштаган топ менен саясий күрөшкө чыкса, заматта таш-талканы чыгаарын карт саясатчы деле билип жатпайбы. Бул идеологу кыл чайнашкан кыйын кезде үзөңгүлөш болуп берүүгө чамасы жетпей турганы, жалаң бийлик тарапта жүрүп келгени Атамбаевдин көп
ойго салып жатканы угулду. Фариддин командасы менен катуу кармашта сынып каларын алдын ала аңдаган экс-президент жанына жалыны бар, оттон-суудан кайра тартпай турган жалаң жаштардан куралган команданы чогултууга бел байлаганы жөн жерден эмес. Ниязов акыркы берген маегинде дагы көп сүйлөп, көп сырларды ачыктап, Атамбаевди уятка калтырып, өзү тымызын бийликке жагынуу позициясын карманганы шефке жакпай калыптыр. Жазда болот деп күтүлүп жаткан күрөштө Ниязовду мурунку президенттин жанынан көрбөйбүз, анын ордун жаш саясатчы ээлемекчи болуп туру. Жазда күрөш күчтүү болчудай. Чыдагыла… Кимиси күчтүү стратег экенин ошондо көрөбүз…

Булак: “Жаңы ордо” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: