Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону Канадада UFC абсолюттук мушташ чемпионатында жеңишке жетишиши менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда телефон аркылуу Валентина Шевченкону Канаданын Торонто шаарында өткөн абсолюттук мушташ чемпионатында жеңишке жетишиши менен куттуктады.  Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Сиз мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондукту жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Сизге   мелдештерде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм. Ыңгайлуу учурда  Мекениңизге келип кетүүгө чакырам», – деди Мамлекет башчысы.

Валентина Шевченко Канадада өткөн UFC 231 мелдешинде  польшалык Джоанна Енджейчикти жеңип, жеңил салмакта абсолюттук мушташ чемпионатында чемпион деген наамга жетишти. Жердешибиз 57 килограмм салмакта UFСтин чемпиондук наамы үчүн ат салышкан.

Эске салсак, Валентина Шевченко менен Джоанна Енджейчиктин ортосундагы  беттешүү бүгүн, 9-декабрда Торонто шаарында (Канада) өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: