Menu

Кочкордо бир үй-бүлөдөгү эки жаш балага жардам керек

Бөлүшүү:

Кочкор районуна караштуу Теңдик айылындагы 16 жаштагы Үсөнаалы уулу Айкөл менен 11 жаштагы Үсөнаалы кызы Айжылдыз жардамга муктаж. Мындай маалыматты аталган үй-бүлөнүн бир тууган жеңеси Назгүл Чолпонкулова кабарлоодо.

«Үсөнаалы уулу Айкөл 2000-жыл туулган. Төрөлгөндө эле бир бөйрөгү жок төрөлүп, экинчи бөйрөгү 60 гана пайыз  иштеп, күн кечирип келген. Бирок, акыркы убакта бир бөйрөгүнүн жоктугу экинчи бөйрөккө күч келтирип, жыйынтыгында мурдунан кан токтобой эс учун жоготуп, Бишкекке оорукана алып кетишкен. Эки күн дегенде араң эсине келип, азыркы тапта ата-энесинин жанында ооруканада жатат. Ал эми ортончу кызы Айжылдыздын да оң тарабы тромб болуп кан уюп, чыпалагы чирип кеткендигинен жакында эле кестирдик. Азыркы тапта күн сайын кан алмаштырып атабыз», – дейт Назгул Чолпонкулова. Ошондой эле: «Үсөнаалынын 6 баласы бар. Өзү жана келинчеги иштебей үйдө турушат. Эми бир үй-бүлөдөн эки баланын ушундай оор абалда турушу бизди бушайман кылып отурат. Ошол себептен мамлекет башчыбыздан жана кайдыгер эмес адамдардан жардам сурайт элек. Айкөлдүн бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 40 миң АКШ доллары керек экен. Ал эми анын карындашына да оңой эмес акча талап кылынууда»-деп кошумчалайт, Чолпонкулова.

Булак: “Айгай-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: