Кечээ, 9-декабрда Канадада UFC боюнча дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мушташтан кийин журналисттер үчүн пресс-конференция берди. Жеңиш тынымсыз эмгектин, машыгуунун жемиши экендигин айткан мушкер айым кээ бирөөлөрчүлөп, көкүрөк каккылап, мактанбастан, тим гана өз турмушу, спорттук карьерасы тууралуу берилген суроолорго сыпайы жооп узатып, өзүнүн келечек пландарын да айта кетти.
“Йоанна Енджейчик – күчтүү атаандаш. Мен дүйнө чемпиону наамы үчүн Йоанна сыяктуу мушкер менен мелдешип, жеңишке жеткендигиме кубанычтамын. Татыктуу, күчтүү атаандаш менен мушташып, анан жеңишке жетүү чыныгы чемпиондукту аныктайт”,- дейт В.Шевченко.
Толугу менен видеодон көрүңүздөр:
https://youtu.be/MAusLkqgtZE
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ