Menu

КР футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин: “Башкы максат – группадан суурулуп чыгуу”

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-декабрда Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Азия футбол конфедерациясынын маалымат кызматына интервью берип: ”Кыргызстандын улуттук курама командасында Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган 2019-жылдагы Азия кубогунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар”, – деп билдирди.

“Биз Азия кубогунун деңгээлин дагы, өзүбүздүн дараметибизди дагы реалдуу таразалай билебиз. Бизде баары бар. Тапшырмаларды алдыбызга тепкич-тепкичи менен коёбуз. Башкы милдет – группадан суурулуп чыгуу. Анан алга карай кадам артынан кадам таштоо”, – деген А.Крестинин бул турнирде кыргызстандык футболчулар өздөрүнүн эң мыкты оюнун көрсөтөөрүнө үмүттөнгөндүгүн жашырбайт.

“Азия кубогу футболчуларыбыз үчүн да, жеке мен үчүн да алгачкы олуттуу турнир. Бизде алдын жетишинче ойноо эмес, конкреттүү максаттарды ишке ашыруу каалоосу күчтүү. Биз буга чейин командабызды өстүрүп, күчтөндүрүүгө жетиштик. Эми ошол жетишкендикти андан ары улантышыбыз керек”, – деген ал.

Азия кубогу – 2019 5-январда башталат. Ал эми Кыргызстан курамасынын алгачкы оюну 7-январда Кытай курама командасы менен болот.

Эске салсак, россиялык адис А.Крестининге 5-декабрь күнү “Кыргыз Республикасынын эмгек миңирген машыктыруучусу” ардак наамы ыйгарылган. Ал – бул наамды алган алгачкы чет өлкөлүк машыктыруучу.

Ал эми, Кыргызстандын футбол курамасы учурда Катар мамлекетинде машыгууларды өткөрүудө. Катардагы Азия кубогуна даярдыктын алкагында кыргыз курамасы Иордания, Палестина, Кувейт курама командалары менен жолдоштук оюн да өткөрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: