24-ноябрда өткөн Элдик Курултайдын Аткаруу комитетинин мүчөсү, экс-министр, экс-элчи Мамбетжунус Абылов биздин студияга келип, маек берип, экс-президент Алмаз Атамбаевдин 10-декабрда өзүнүн жеке менчик “Апрель” жана 7- телеканалдарына берген интервьюсунда Курултайчыларга берген баасына жооп берди. Өз сөзүндө Абылов Атамбаевчилер да Курултайга катышууга аракет кылышканын, алтургай 30 орун алып, бирок Курултайда Атамбаевдин 6 жылдык президенттик убагы сынга алынарын билгенде катышпай коюшканын айтты. Андан сырткары ушул өзүн бийликке алып келген Роза Отунбаеваны “самозванка” атаган, таластыктарды “эл эмес!”, нарындыктарды “малсыңар!” деген ушакчы Атамбаевдин азыркы бийликти , коомчулукту сындап жаткан ушакчы “Апрель” жана “7-каналдарын” сот аркылуу жабуу керек деп сунуштады.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ