Menu

Зилалиевдин камалышы башка чиновниктерге кандай сабак болот?

Бөлүшүү:

Ошентип, экс-вице-премьер-министр, Атамбаев доорундагы улам бир кызматты ар жылы алмаштырып турган Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынып, эки айга тергөө абагына киргизилди. Ага «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери, ага удаа банкта эле 889 миң, 900 доллар акчасы катылганы, бул эргулдун үйүн тинтүү учурунда 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар табылганын көрүүгө болот. Ошондой эле «Ордо» шаарчасында жайгашкан үйү, Бишкектин борборундагы эки кеңсе имараты көрсөтүлгөн. Атайын кызматтын тараткан маалыматында, Зилалиев 2011-2016-жьшдары декларациясына мамлекеттик кызматта туруп, жеке өзү 2 миллион 541 миң 527 сом, жубайы 408 миң сом киреше тапканын белгилеген. Бирок, тергөөнүн жыйынтыгында Зилалиевдин башка дагы акча каражаттары жана кыймылсыз мүлктөрү бар экени белгилүү болду. Мындан тышкары, Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги, ал мүлктөр жакындарынын атында болгон. 2017-жылдын 17-апрелинде Зилалиевдин жакындарынын бирине Бишкекгин борбордук бөлүгүндөгү эки кеңсе имараты катталган. Алып-сатуу келишимине ылайык, имараттын бири 34 миллион сом, экинчиси 19 миллион сом турат. Ошондой эле ал геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда, жумушу жок жакынына кыргыз жериндеги алтын казылуучу жана бир канча кен байлыктар жаткан жерлердин лицензиясын каттатып койгон.

Суроо туулат: биздин Акүй, Көкүй, бажы, прокуратурада иштеген чиновниктердин да декларациялары тыкыр текшерилиши керекпи? Чиновниктерге болгон текшерүү эмнеге текши болбойт? Мындай суроолорду коомдук пикирдин талкуусуна койдук.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу…

– Зилалиев геология министрлигин түп-тамыры менен талкалоону баштаганда ага кайсы премьерлер жол ачты? Канча мыйзамсыз лицензия берүүгө уруксат берди? Мамлекеттик маалыматты чет өлкөлүк фирмалар кандайча алды? Ал киши менен бирге иштеген комиссиялардын жоопкерчилиги кандай? Мисалы, «Кичи Чаарат» кенинде кытайлар эки коктунун ортосунда астынан суу агып жаткан уран калдыктары көмүлгөн жайды курган. Ал жарылып Чаткал суусуна түшсө эл аралык согуш болуп кетиши мүмкүн.

Эмнеге ошондой жагдайлар эске алынбай уруксат берилген? Беш-Арал, Чийим-Таш, менин кичи мекеним Үрмарал, Шыралжын, Ала-Бука, Чаткалга элдин көз жашын төктүрүп, гектар-гектар байыркы мамлекеттик коргоодо турган токойлорду түбү менен жок кылганга эмнеге уруксат берди? Ошол топтолгон кен казуудагы «браконьер коррупционер» чиновниктердин баарын алып чыксын бийлик. Ошондой эле лицензиялар-ды берүүгө 10 жылга тыюу салынсын. Берилген мыйзамсыз лицензияларды артка кайрып, тоо-токойлордун түп-тамыры менен жок кылган компанияларды жоопкерчиликке тарттырып, төлөмөргө алып келсин. Ошондо чет өлкөлүк компаниялардын эсептери тез арада камакка алынышы керек. Бирок, ошого барганга биздин күнкарама бийлик иш алып бара алабы? Же 1-январда ишке кире турган мамлекеттин укуктук талаасын түп-тамыры менен жок кыла турган коркунучтуу мыйзамды ишке ашырыш үчүн алаксытуу ишин кылып жатабы?

Жолдош Ор0зов, коомдук ишмер:

– Дүйшөнбек Зилалиевдин коррупциялык иши ачыкка чыгып, ал жасаган иштер байма-бай жазылып жатат. Туура, коррупцияны түп-тамырынан кыймайынча, мамлекеттин оңолбой турганы баарыбызга эле түшүнүктүү дечи. Көйгөй Дүйшөнбек Зилалиевге окшогондорду кармаса эле чечилип калабы? Же элди карасанатайлык, карөзгөйлүк менен шылып жаткан ажыдаарлар менен кантип күрөшүү негизин табуу керекпи? Коррупциянын тамыры Зилалиев деле эмес, алар бери жагы эле. Накта уюткулары бийлик башында отургандар, мына ошолордон баштоо керек. Тереңдеп кирсек, Кыргызстанды уурдап туңгуюкка кептешкен «экс» эргулдардын миллиарддаган байлыктарын, приватташтырган триллион баасы бар имараттарын тыкыр изилдеп, мамлекетке кайтарып, алардын көпчүлүгүн эл алдында жазалоо милдети бар. «Кандайдыр бир коррупциялык иштер ачылып жатат» деген менен коррупция тандоо жолу аркылуу жүрүп жатканын айта кетишибиз абзел. Бизде коррупция тандоо жолу аркылуу жүрө берет, анткени, кандай гана орган болбосун бир адамга байланып калганы так, даана айгине болбодубу, же жалганбы? Эң биринчи коррупциялык иш Атамбаев кете электе ачыкка чыгып, анан кайра басылып калган. Бажыдагы миллиарддаган сомдордун уурдалып жатканын ачыкташ зарыл. Ал эми Акүй, Көкүй, прокуратурада отургандар коррупциянын башында турушарын эл да, ММКлар да жазып жатып калемдери тешилди го. Ошондон элге пайда болдубу? Жок! Ал эми декларация толтуруу элди алаксытуу деген эле кеп. Бул уюгушкан коррупциялык күчтү жеңүү элдин гана колунан келет. Бөлөк жол жок.

Даярдаган: Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: