Билесиңер, Данияр Үсөнов деген эргулдун аялы Динара Исаева деген айым Жогорку Кеңеште «Республика-Ата Журт» партиясынын атынан депутат болуп олтурат. Кличкасы да укмуш, «Семиз балык» деп. Мына ошол «Семиз балык» туурасында тема кайра козголду. «Качкын президент Курманбек Бакиевди колдоп, чуркап жүргөндөр дале бийликте жүрөт. Элди аткан бийликтин баш баканы болгон Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева уялбай эле парламентте отурат» деген оюн экс-президент Роза Отунбаева билдирген. Ырас, Апрель каргашасы тарыхтан чийилип салынбайт. Ал окуя үчүн айрымдар темир тор артында, айрымдар моралдык күнөөсү үчүн саясат айдыңынан четтеп кетишкен. Бирок «Семиз балык» былкылдабайт. Бир түтүн булатып, бир төшөктө жаткан эри элди атып атса, аялын депутат кылган Бабановдо моралдык жоопкерчилик деген түшүнүк жашабайбы? Бабанов Исаеваны эмне үчүн багууда?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ