Бүгүн, 14-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук процесс уланууда.
Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу соттук процессти журналисттерсиз жана маркумдун туугандарысыз, жабык өткөрүүнү өтүндү. Бул кадамын ал чоочун адамдардын көзүнчө көрсөтмө берүү ыңгайсыз болуп жатканы менен түшүндүрдү.
Прокурор менен жабырлануучулардын коргоочусу буга каршы болушту.
Эске салсак, Улан Салянов 2017-жылдын 5-ноябрында өз үйүндө атып өлтүрүлгөн. Негизги шектүү 2017-жылдын декабр айынын аягында кармалган. Андан башка дагы эки шектүүнү ИИМ кызматкерлери быйыл Орусиядан кармашкан.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ