Бүгүн, 17-декабрда Yenicag.Ru — «Новая Эпоха» маалымат агенттиги Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун уулу Яир өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына кайрадан ислам динине каршы ойлорун жазгандыгы үчүн кызуу талкууга түшкөндүгүн маалымдады.
Премьердин уулу Яир андан мурда дагы мусулмандарга каршы көзкараштарын жарыя айткандыгы менен белгилүү болгон.
“Бул жерде: 1. Еврейлердин бардыгы Израиль жерин таштап, чыгып кетмейинче; 2. Мусулмандардын бардыгы Израиль жерин таштап, чыгып кетмейинче; – тынчтык болбойт. Албетте, мен экинчисинен үмүттөнөм”, – деп жазган Яир Нетаньяху. Ушинтип, ал Израилден мусулмандар – арабдар биротоло чыгып кетиши керектигин, болбосо, өлкөдо тынчтык орнобостугун билдирген.
Анан: “Каерде террористтик актылар болбой тургандыгын билесиздерби? Исландия менен Японияда. Анткени, аерде мусулман калкы жок” деп, өз пикирин бекемдөөгө аракеттенген.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ