Menu

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусунда иш сапарын улантууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрда  ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Баткен  облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында  Кашкар Джунушалиев Кадамжай районундагы коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча уюштуруучулук иштерин текшерди.

Текшерүү учурунда ИИМдин башчысы өзгөчө соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча аймактык ички иштер органдарынын даярдыгына көңүл бурду.

Ошондой эле министр жаңы курулуп жаткан Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн административдик имараты менен таанышты.

Эске салсак, мурда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусунун негизинде, Баткен облусунун Кадамжай

райондук ИИБдин административдик имараты колдонууга жараксыз деп табылганына байланыштуу жаңы административдик эки кабаттуу имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.


Бүгүнкү күндө курулуш иштери боюнча ИИМдин Курулуш монтаждоо башкармалыгы тараптан биринчи кабаты тургузулуп, 30% пайыздык жумуш иштери аткарылды. Аймактык бөлүмдө ыкчам чогулуш өткөрүү учурунда ИИМ
башчысы Кыргыз Республикасынын ИИОда жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу
маалымдады.

Министр өздүк курам, кызматтык ишмердүүлүк,  техникалык жабдуулар, социалдык кепилдик тууралуу берилген суроолого жооп берди.

Ошондой эле ички иштер министри Кызыл-Кыя ШИИБдин техникалык каржаттарын текшерүү менен бирге өздүк курам менен жолугуп, кызматкерлердин жаңы кодекстер менен мыйзамдарды билүү деңгээлин текшерип, Кызыл-Кыя шаарында “Динамо” кийим-тигүүчү фабрикасына барып, ал жерден формалык кийим тигүү жайынын  ишмердүүлүгүн текшерди.

Ички иштер министри Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен ыкчам-кеңешме өткөрүп, аткарылган иштер жөнүндө башкармалыктан маалымат алды.

Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү каттоону, андан сырткары Бузууларды бирдиктүү каттоону толук ишке киргизүү үчүн техникалык жабдылышы боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурду.

Кашкар Джунушалиев, жаңы күчүнө кирип жаткан кодекстер менен мыйзамдарга байланыштуу өздүк курамдын кызматтык даярдыгын текшерди.

Министр, ИИОнун баардык  бөлүмдөрүндө кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү каттоону, андан сырткары Бузууларды бирдиктүү каттоону толук ишке киргизүү үчүн техникалык жабдылышы боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

2019-жылдын 1-январынан тартып соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер жана мыйзамдар ишке ашырылганы жатат.

Жазык  процессуалдык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аң сезимин өзгөртөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: