Өкмөт эмгек жана социалдык өнүктүрүү министригинин 2019-жылда жумушчу күндөрдү жылдыруу боюнча мыйзам токтомун колдоду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, «2019-жылы дем алыш күндөрдү жылдыруу» жөнүндө мыйзам токтомуна ылайык, 2019-жылдын 1,2,3,4,5,6 жана 7-январын, ошондой эле 9,10,11 жана 12-майды дем алыш күндөрү кылуу сунушталууда.
Өкмөттүн айтымында, бул документ жумушчулардын дем алыш жана майрам күндөрүн рационалдуу колдонуусуна багытталган. Буга байланыштуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 28-февралда кабыл алынган «2019-жылы дем алыш күндөрдү жылдыруу» жөнүндө өкмөттүн токтомун кайра карап чыккан.
Белгилей кетсек, долбоор 25-февралдагы дем алыш күндү 2-январдагы иш күнүнө, 8-апрелдеги дем алыш күндү 3-январдагы иш күнүнө, 2-сентябрдагы дем алыш күндү 4-январдагы иш күнүнө, 6-майдагы дем алыш күндү (дем алыш күнү болуп эсептелет, анткени 5-май дем алыш күнгө туура келет) 10—майдагы иш күнүнө жылдырууну сунуштайт.
Буга чейин мыйзам токтому коомдук талкууга коюлуп, өккмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган.
Министрлик маалымдагандай, сурамжылоонун катышуучуларынын көпчүлүгү сунушту кабыл алууга «макул» добуш беришкен.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ