Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министринин орун басары Абдел Фаттах бин Сулейман 2019-жылдагы ажылыкка карата келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кыргызстандыктардын Меккеге барышына берилген квотанын саны өзгөргөн жок. Зияратка 5 миң 485 жаран бара алат.
«Сауд Арабиясы Кыргызстандын 2018-жылкы ажылыкты уюштургандыгын жогору балады. Келишимге кол коюу маалында Кыргызстан зияратчылардын коопсуздугун күчөтүү боюнча маселени койду. Кийинки жылы биздин зияратчыларды комфортабелдүү автобустар тейлейт» – деп айтылат маалыматта.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ