Menu

Казакстан дүйнөлүк желеге байкоо жүргүзүүнүн максатын түшүндүрдү

Бөлүшүү:

Казакстан Маалымат жана коммуникация министрлиги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү системасы боюнча комментарий берди.

Министрлик тараткан маалыматка караганда, ведомство 2017-жылдан бери “Улуттук маалымат айдыңына мониторинг жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасын” түзүү боюнча иш алып барууда. Долбоор ММКларда жарыяланган мыйзамсыз маалыматтар менен катар терроризм, суидцид пропагандасын аныктоо жараянын жеңилдетүүгө багытталган.

Маалымат жана коммуникация министрлиги бул системаны түзүү боюнча казакстандык “Квант” илимий-иликтөө лабораториясы менен келишим түзүлгөнүн билдирди. Бул долбоор үчүн бюджеттен 1,7 миллиард теңге (5 миллион доллардын тегереги) бөлүнгөн.

Өткөн аптада Digital Revolution тобунун хакерлери Орусия ФСБсына таандык “Квант” илимий-изилдөө институтунун серверин бузушканын ырасташкан. Алар жарыялаган документте социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү системасы көрсөтүлгөн. Анын негизги максаты – каршылык маанайларды аныктоо жана анализдөө. Digital Revolution билдиргендей, “Квант” мындай системаны Казакстанда ишке ашыра баштаган. Би-Би-Синин орус кызматы бул үчүн Казакстан Маалымат жана коммуникация министрлиги 4,3 миллион доллар бөлгөнүн маалымдады.

АКШ 2018-жылы “Квантка” каршы санкция киргизген. Өлкө бийлиги орусиялык илимий-изилдөө институтун президенттик шайлоо алдындагы хакердик чабуулдарга тиешеси болушу ыктымал деп айыптоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: