Өзбекстандык 16 жаштагы жаш шахматчы Шамсиддин Вахидов шахмат боюнча азыркы дүйнө чемпиону Магнус Карлсенди утуп алды.
Орусиялык спорт басылмалары билдиргендей, Магнус Карлсен дүйнө чемпионатында рапид жана блиц боюнча алгачкы эки партияда утулуп калды. Биринчи партияда ал украин гроссмейстери Адам Тухаевго жеңилип калган. Экинчисинде Карлсендин атаандашы 16 жаштагы өзбекстандык шахматчы Шамсиддин Вахидов болду. Норвегиялыктын позициясы мыкты эле, бирок ал атын алдырып жиберип, утулуп калды.
Карлсен турнирде 1-номур, Шамсиддин Вахидов 188-номур менен турган. Вахидов 14 жаштагы өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча дүйнө чемпиону аталды.
Анын алдында Вохидов Бүткүл дүйнөлүк шахмат боюнча олимпиадада алтын медаль алган. Мелдеш 24-ноябрдан 3-декабрга чейин Түркияда өткөн.
28 жаштагы Магнус Карлсен — шахмат боюнча дүйнөнүн 16-чемпиону жана шахмат тарыхындагы дүйнөнүн биринчи абсолюттук чемпиону. Ал бул наамдарга 2013-жылы ээ болуп, ошондон бери сактап келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ