Шоу бизнестин өкүлдөрү Назира Жетигенова менен Аваз Акимовдун урушу тартылган тасма интернет мейкиндигине тарады.
Тасмадан куудул айым Назира Жетигенова ырчы Аваз Акимовдон алар чоогу түшүшкөн, кийин Акимов Инстаграмда жарыялаган сүрөттү өчүрүшүн суранып жаткандыгын, бирок Аваз Акимов ал сүрөт 10 миң “лайк” чогулткандыгын айтып, сүрөттү өчүрбөйм деп айтып жаткандыгын көрүүгө болот.
Назира Жетигенованын айтымында, сүрөттүн алдына элдер аны “бакага окшоп калыпсыз” деген сыяктуу терс сын-пикирлерди жазышкан.
Биз бул тууралуу ырчы Аваз Акимовго байланышып сураганыбызда, бул уруш жөн гана тамаша болгонун билдирди.
“Негизинен Назира эже менен тамашалаша беребиз, бул анча деле олуттуу уруш болгон эмес, мен жөн гана тамашалап Назира эженин кыжырына тийип койгом, азыр жакшы эле чогуу иштешип жатабыз,” – деди ырчы.
Ал эми уруштун күнөөкөрү болгон тасма тууралуу сураганыбызда, Аваз Акимов ал сүрөттү өчүргөнүн билдирди.
“Элдин кыжырына тийбесин деп ал сүрөттү өчүргөм,” – деди Аваз Акимов.
https://www.youtube.com/watch?v=fvLSjeLW-q0
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ