Menu

Украинада президенттик шайлоо 31-мартка белгиленди

Бөлүшүү:

Украинада президенттик шайлоо кампаниясы 31-декабрда башталат. Мындай чечимди өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Шайлоо 2019-жылдын 31-мартына белгиленди.

3-февралга чейин президенттикке талапкерлерди көрсөтүүгө жана документтерди тапшырууга уруксат берилди. 8-февралга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо жараянын аягына чыгарып, талапкерлердин ысымдарын жарыялайт.

Эгер шайлоо бир айлампа менен өтсө, жыйынтыктар 10-апрелге чейин жарыяланат. Талапкерлердин бири дагы жалпы шайлоочулардын 50 пайыз добушун топтой албай калса, экинчи тур белгилент жана ал 21-апрелде өтөт. Мындай учурда жыйынтыктар 1-майда жарыяланат жана инаугурация 31-майда өтөт.

Социалдык сурамжылоолорго ылайык, респонденттердин 21 пайызы “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенкого добуш берүүгө даяр. Экинчи орунда режиссёр жана шоумен Владимир Зеленский келе жатат, аны сурамжылоого катышкандардын 13 пайызы жактаган. Украинанын азыркы президенти Петр Порошенкого респонденттердин 11 пайыздан бираз ашыгыраагы добуш берүүгө макул экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: