Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн аймагында мыйзамсыз курулуп жаткан объекттилердин жалпы саны 249. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Медетбек Маметов маалымат жыйында билдирди.
“Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн аймагында курулуп жаткан объекттилердин жалпы саны – 2935. Алардын ичинен мыйзамсыз курулуп жаткан объекттилер – 249. Мыйзамсыз ишке киргизилгендер – 71, токтотулгандар – 393 жана убактылуу токтотулгандар – 84 болуп саналат”, – деди Маметов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ