Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» деп жарыялоо жөнүндө маанилүү чечим кабыл алынганын, 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы бекитилгенин белгилеп, Жогорку Кеңешти алардын багыттарын ишке ашырууга активдүү киришүүгө чакырды.

Ал Жогорку Кеңешке жакын арада кабыл алынышы керек болгон шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 4 мыйзам долбоору кароого жөнөтүлгөнүн эске салды. «Шайлоо жөнүндө мыйзамдар аны менен алдын ала бардыгы жакшылап таанышып чыгып, ал мындан ары өзгөрбөйт деген бекем ишеним менен шайлоого катыша тургандай болуп, шайлоого бир жыл калганда турукташуусу зарыл», — деп Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аларга ишенип тапшырылган аймактардагы ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун кароону тездетүү жөнүндө каалоосун айтты.

Сот реформасынын алкагында иштелип чыккан, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы Кодекстерди жана мыйзамдарды мониторинг кылуунун жүрүшүндө иштелип чыккан сунуштарды тезирээк кароо зарылдыгын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы жана фракция лидерлери коомчулукта болуп жаткан башка дагы процесстер боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: