Menu

Алтынбек Күмүшов: “Жоробековдун жоруктары…”

Бөлүшүү:

Жеңиш Жоробеков Москва районунун ИИБнин башчысы болуп турганда, 2009-жылы Москва районунун Петровка айылында улут аралык кагылышуу тутанууга аз калган. Анын себеби Петровка айылынын азиат улутундагы жараны үч жашар кызды зордуктоодон келип чыккан. Аталган райондун ошол кездеги ИИБнин башчысы Жеңиш Жоробеков бул окуяны дыкат иликтегендин ордуна, окуя болоор замат шектүү тараптан 15-20 миң доллар алып бул ишти жаап койгону эл арасында айтылып жүрөт. Ал ортодо айыл тургундары кылмышкердин ким экенин тактап, кылмышкер күрд улутунун жараны экени айыл элине билинип, улут аралык кагылыш чыгып кетүүгө аз калган. Ал эми Жоробеков улут аралык жаңжалдын алдын алгандын ордуна капчыгын кампайтып, ишти жабуунун аракетин кылганы Жоробековдун ким экенинин далили катары баамдасак болчудай. Бул каргашалуу окуяга жол бергендиги үчүн тиешелүү жазасын алып, кылмыш жообуна тартылгандын ордуна, тескерисинче Жоробеков ошол учурдагы ИИМ башчысы Конгантиевдин “любимчиги” жана ошол учурдагы Президент Бакиевдин иш башкармалыгынын жетекчиси Темирбаевдин өкүл баласы болгондугуна байланыштуу кызматынан төмөндөгөнү эле болбосо, борборго жаңы кызматка которулуп келгени  тууралуу убагында кептер тараган.

Ал эми Бакиев бийлиги кулаган соң Атамбаевдин командасына кошулуу үчүн ортого бир топ лөктөрдү, алардын арасында экс-ГУУР башчысы Бакыт Парманкуловду салып ошол учурдагы ИИМ башчысы Абдылда
Суранчиевдин көңүлүн таап, Тогуз-Торо районунунун ИИБнин башчысы болуп дайындалганы айтылып жүрөт. Бирок амалдуу Жоробеков Атамбаевдин командасына кирип, акырындык менен Жалал-Абад ИИБнин башчысы болууга жетишет. Ошентип Жоробеков “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” демекчи өз шоусун баштайт. Ал кылмыштуулук менен, диний экстремизм менен, элдин коопсуздугун коргоо менен күрөшкөндүн ордуна,  ар-бир РОВДдан акча чогултуп ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруп өзүнө карата жеңил пиарын баштайт. Өз ишине көңүл кош мамиле кылганы анын шалаакы жетекчи экенин айгинелейт. Буга далил 2014-жылы кол алдында иштеген ИИМдин офицери ок-дарыларды террористтерге сатып жүргөн жеринен УКМКы тарабынан кармалган. Ал офицери башта эле шек жаратып, жогору жактан Жоробековго аны иштен ал дегенине карабастан Жоробеков аны иштен албаганы, экөөнүн табакташ экенинин далили деген кеп коомчулукта тараган. Амалдуу Жоробеков бул жолу да кызматынан кол жуубай, ошол учурдагы  ИИМ башчысы Турганбаевден катуу эскертүү алып гана тим болгон.

Дагы бир жагдай  2016-жылы Сузак районунун Октябрь айылында милиция кызматкеринин күнөөсү менен жаш өспүрүм асынып өлгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон,  Сузак районунун ИИБнин башчысы Нурбек Жаныбеков бул иштин аягына чыкпай, күнөөлүүлөр такталбай бул ишти  жаап-жашырып койгону айтылган. Ошого карабастан Жоробеков Жалал-Абад облустук ИИБнин башчысы катары Жаныбековду кызматынан алып кылмыш жообуна тартпай, тескерисинче УВДга жетекчи кылып дайындайт. Мындай көрүнүштү бул эки эргулдун достук мамилесине байланыштуу экени кийин белгилүү болгон.

2017-жылы Сузак райондук  прокуратурасы  тарабынан  текшерүү жүрүп Сузак районундагы кылмыштарды жаап-жашыруу  боюнча 10 факты ачыкталган. Булар;  уурулук, тоноочулук, зомбулук. Иш-жүзүндө бир эле
фактыны жаап-жашырганы далилденсе ал жетекчи кызматынан четтетилип, кылмыш жообуна тартылышы керек эле. Бирок бул эргулдун былыктары эмнегедир унутта калып келет. Тескерисинче Жоробеков кайсы бийлик болбосун тилин таап, кызматтан кызмат которуп, ИИМде калкып келет. Ысык-Көл ИИБин башчысы болуп эч нерсени кыйрата албай кызматына кол жууган Жоробеков жакында эле ИИМдин Башкы башкармалыктарынын бирине дайындалды. Бул алкымы чоң эрен бул кызматты чанып жатабы, капчыгын кампайта албай жатабы же Министрлик креслого көз артып жатабы айтор өзүнүн дүжүр жазмакерлери аркылуу министр Кашкар Жунушалиевди баш кылып, ИИМ Орун басарларын төш кылып каралатып
жатканы эмнеси?

Офицердик ариет, жигиттик ар-намыс деген барбы деги бул эргулда. Андан көрө былыктары текшерилип, кылмыш жообуна тартылбай жүргөнүнө кубанып тынч эле жатпайбы. “Карга баласын аппагым” демекчи,  минтип лөлүчө каргана берсе бир-күнү абийири айрандай төгүлөөрүн унутпаса…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: