Menu

Депутат Сагындык Келдибаев: «Өкмөт быйыл мамлекеттик ипотека насыяларынын үстөк пайызын 4 пайызга чейин төмөндөтүү чараларын көрүшү зарыл»

Бөлүшүү:

Ушу тапта мамлекеттик ипотека боюнча жеӊилдетилген насыялардын үстөк пайызы 8-9 пайыздын тегерегинде болууда. Мындай пайыз насыя алуучуларга кыйлоо оорчулук келтирип жатат. Мугалимдер менен дарыгерлер аны төлөй албайт. Ошондуктан, Өкмөт быйыл ипотекалык насыялардын үстөк пайызын 4 пайызга чейин төмөндөтүү чараларын көрүшү зарыл. Бул тууралуу депутат Сагындык Келдибаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Калкыбыздын калыӊ катмары кыйналып турат. Анын ичинде мамлекеттик ипотека насыяларын алган адамдардын азыркы абалын түшүнсөк болот. Алар азыркыдай 8-9 үстөк пайыздуу насыяларды төлөй албайт. Ошондуктан, аны 4 пайызга чейин төмөндөтүшү керек. Өкмөт бул боюнча кандай чараларды пландаштырып жатканын уккубуз келет. Эгерде алар жөндүү сунуш бере албаса, анда андай сунушту биз беребиз», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: