Элге татыктуу жашоону камсыздай албай атканы, чыр-чатактардын башталышына себепчи болгону үчүн Абылгазиевдин өкмөтү жаздагы саясый кризистин кесепетинен отставкага кетиши мүмкүн. Бул боюнча белгилүү эксперттер, саясатчылар айта башташты. Өкмөттүн кемчиликтери өтө көп, ошол эле экономикалык көрсөткүчтөрдүн начардыгы, социалдык көйгөйлөр жана жаңы кодекстердин элдин талабына шайкеш келбегени, айтор, бийлик менен элдин ортосунда кыйла келишпестиктер жаралды. Ошентип, өкмөттүн кетиши менен парламенттин да ыдырашы боюнча маалыматтар бар. Эл ичинде депутаттардын беш-алтооно гана ыраазычылык болбосо, калгандары өз көмөчүнө күл тарткандар катары сыпатталып атканы жалганбы? Буга чейин коммерсанттар, коррупцияга шектүүлөрдүн отурушканы боюнча да ЖМКларда талкуулар жаралып келди го? Сыягы, элдин сынына кабылган өкмөт жазда кетип, андан соң эл өкүлдөрүн да таратууга негиз түзүлүшү ыктымал. Саясый кырдаалдын чыңалуусу ошого бараткан жокпу? Жыйынтыгында, күздө Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалса, мындай кадам менен иралды элди алаксытуу негиз түзүлүп, бийликтин кайсы бир деңгээлде тазаланышына жол ачылат эле, туурабы?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ