Menu

Ичтеги ашыкча майларды кантип кетирүүгө болот?

Бөлүшүү:

Албетте, ар бир аялзаты ичи чыкпай, жалпак болгонду жактырышат. Айрыкча журналдар дагы дене мүчөсү төп келишкен, кийим куп жарашкан кыздарды көргөндө толмочунан тарткан кыздар бир саамга маанайы чөгүшү мүмкүн. Жаш өзгөчөлүк, жашоо образы, дененин тузулушу өзүнөн кабар берип турат. Бирок, бардыгына эле бирдей рецепт жардам бере берет деген туура болбой калса керек. Ошентсе дагы, ичти тартуунун кээ бир ыкмаларын сиздерге сунуштайбыз.

Тузду азайтыңыз

Тузду азайтам деп тамактын тузун гана аз салуу эмес, кеп көмүскө тузда да болуп жатат. Көмүскө туздар тез татымдарда көп болгондуктан, тез татым тамактарынан баш тартканыңыз оң. Майонез, кетчуп ж.б. ушуга окшогон жарым фабрикаттарда туздун көлөмү абдан көп болгондуктан, ичеги карындын иштешин абдан начарлатат. Туз организмдеги сууну кармап, ичтин көбүшүнө алып келет. Андан сырткары, туздун көптүгү көздүн астындагы шишикчелерди пайда кылат. Анын кесепетинен адамдар өзүнүн курагынан эрте улгайыңкы көрүнүп калат.

Сууну көп ичиңиз

Эгерде сиздин организмиңизде туздун көлөмү нормалдуу болсо, анда күнүнө 6-8 стакан газдалбаган суу ичүү менен организмдеги зат алмашууну жөнгө сала аласыз. Кофеден, кара чайдан, газдалган суулардан баш тартуу менен микрофлоранын абалын оңдой аласыз. Аны менен бирге ичтин көбүшүнөн жана курсактын кереги жок көлөмүнөн да кутуласыз.

Кандагы канттын көлөмүн камсыздай турган азыктарды жеңиз

Канттын көлөмүн камсыздай турган азык дегенде эле шоколад же таттууларды элестетпеңиз. Мисалы авокадонун ширеси же ушуга окшогон мөмө-жемиштердин ширелерин кант кошпой эле ичиңиз. Ал биринчи кезекте кандагы канттын көлөмүн калыбына келтирип, экинчи жагынан ачкачылыкты бир азга унуттурат. Негизи эле таттууга жакын болсоңуз, кандагы канттын көлөмү түшүп кеткендиктен болот. Андай учурда сүт азыктарын, кургатылган мөмөлөрдү, фасоль, кара нан жегенге аракеттениңиз.

Калориясы аз азыктарды колдонуңуз

Андай азыктарды организм сиңириш үчүн бир топ калорияны жумшай турган азыктар десек болот. Мындайча айтканда, азыктарды жеп ток болосуз жана арыктайсыз. Андай азыктарга бадыраң, сабиз, деңиз капустасы, козу карындан май кошулбай жасалган тамактар болсо. Бирок, сиздин ичегиңиз да жакшы болуш керек. Антпесе, көпчүлүк учурда чийки жашылчалар
ичте газды пайда кылып, көптүрөт.

Сагыздан баш тартыңыз

Эң жөнөкөй процесс. Сагыз чайноодо энзимдер бөлүнүп чыгат, анан организм иштетүүчү азыктар ашказанга барбагандан кийин, бир канча убакыттан кийин абдан ачка болгонуңузду сезесиз. Ачка болгон адам тамакка катуу тоюп алышы мүмкүн. Ошондуктан, тишиңизди тазалагыңыз келсе жаныңызга тиш щеткасын жана тиш пастасын салып алып жүрүңүз же болбосо тишиңизди жөнөкөй суу менен чайкап коюудан өтөөрү жок.

Белок, углевод жана клетчаткаларды туура бөлүштүрө билиңиз

Мисалы сиз тарелкага бир порция тамакты сала турган болсоңуз анын 50%ы клетчаткадан турушу керек, башкача айтканда чийки жашылча жана көктөр, 25%ы белок (балык, эт, козу карын) жана 25%ы углеводдор (нан, дан өсүмдүктөрү). Бирок, майлардан да баш тартпоо керек. Майларда май кычкылдыгы болгону үчүн ал организмге пайдасын гана тийгизет. Бирок, азыраак өлчөмдө. Мындай принцип сиздин тамак сиңирүүнү жакшыртып, арыктооңузга көмөктөшөт.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: