Menu

Ак калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Кыргызстанда ак калпакка “өлкөнүн маданий символу” деген макам берүү сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууланат.

Долбоордун авторлору – “Республика – Ата Журт” фракциясынан Экмат Байбакпаев жана “Бир Болдон” Бакирдин Субанбеков.

Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими – калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынары айтылган.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү боюнча 2011-жылы демилге көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: