Menu

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Түкүрүк боюнча айып пулду азайтышса, мен 100 кишини ээрчитип барып түкүртөм”

Бөлүшүү:

Жаңы айып пулдар маселеси, анын ичинде түкүрүк боюнча айып пул коомчулукта кызуу талкууга алынды. Айласы кеткен өкмөт 5500 сом деген түкүрүктүн “баасын” 1000 сомго түшүрө турганын кыйытты. Бирок миң сомдук айыпка каршы болгондор да бар. Маселен алардын бири, белгилүү саясат талдоочу Бакыт Бакетаев. Ал бул маселе боюнча биздин гезитке буларды айтып берди.

—Бакыт мырза, өкмөттүн түкүрүк боюнча мыйзамын кандай кабыл алдыңыз?

—Өкмөттүн мыйзамына ылайык түкүргөндөр айып пул төлөшү керек. Эгер оорукчандар түкүрмөк түгүл заңдап жиберсе да маселени комиссия чечет да. Андайлар “панос” деген справкасын алып келишсе комиссия айып пул салбайт да. Эгер атайылап заңдаса гана чара көрөт. А көпчүлүктү кантип тартипке келтиришет? Түкүргөндөр үчүн 1000 сом деле аздык кылат. Анда 100 сом кылалы дагы баарыбыз чогулуп алып тамеки, насвай тартып, чемичке чагып, таштандыларды көбөйтүп жүрө берели.

—Эми түкүргөндөр үчүн айып пул 1000 сом бойдон кала турган болду. Муну колдоп жатышат го…

—1000 сом боло элек. Жалпысынан алганда түкүрүк боюнча мыйзамды баардыгы колдоп жатат. Эмнеге түкүрүшөт? Үйүнө барып түкүрүшсүн! Бул жерде саясий мамлекеттик ой жүгүртүү болуш керек да. Бирөө тамашалап ыр жазып койсо эле айып пул 1000 сом болуп калмак беле? Чындыгында 1000 сом деле көптүк кылат дечи. Эгер мен күнүгө беш жолу түкүрсөм 5000 болуп жатпайбы. Анда мен деле “1 сом кылып эле койбойсуңарбы?” деп нааразы болом да. Бирок мен шаардагылардан сурасам “5000 сом болгону туура” деп колдоп жатышат. Мисалы, сен үй-бүлөң менен коомдук жайлардын биринде скамейкада отурсаң мен жаныңа барып түкүрүп, тамекинин калдыгын таштаганга кандай акым бар? А сен төлө десең мен айып пулду сен отурган жерде төлөшүм керек да. Биздин элибиз тамашага салып эле түкүрүктү көп айтып жатышат. Учурда элдин көбү түкүрбөй калды. Мен деле тамекини бирөөлөргө көрүнбөй жашырынып тартып калдым. Мисалы, жакында митингге барсам эчким түкүргөн жок. Көрдүңбү, түкүрүк тамашага айланса да эл тарбияланып калат. Эл тамаша кыла берсин. Өкмөткө күлгүлө. Ыр жазгыла. Кино тарткыла. Бирок түкүрбөгүлө. Биз митингге барганда Өкмөттү сөгүп коюп, таштанды челектин жанында тамеки тартып турдук го. Өкмөт айткандан кийин сөзүнө турушу керек. А падыша деген бир айтат дейт. Туурабы ?

—Эгер айып пул 1000 сом болуп кала турган болсо митингге чыгасызбы?

—Бишкекте тазалыкты сүйгөн адамдар миллиондоп саналат. Эгер миң сом боло турган болсо анда мен чогултсам митингге 100 киши барат. Өкмөткө, Ак үйгө түкүрөбүз. Өкмөт ошондо чочуп айып пулду кайра 5000 сом кылат. Тазалыкты каалабай түкүргөндү жаюны көргөндөр кыйналып кетсе Индияга барып каалагандай эс алып заара кылып келишсин. Себеби, ал жакта көчөлөрдө эле заара кылып, булгай беришет. Эл жашаган жерлерде катуу мыйзамдар болушу керек. Сингапурда бир түкүрүккө 500 доллар айып пул төлөшөт. Ал жакта эл таза дейсиңби? Биздей эле. Бирок мыйзам күчтүү. Мен жогоруда айткандай Индияда каалаган жерде тескери карап алып заара кыла беришет. Анткени ал өлкөдө тазалыкка байланыштуу күчтүү мыйзамдар жок. Японияда тамеки тарткандар кагаздан жасалган күл түшүргүчүн колуна кармап алышат. Демек, мыйзамдар күчтүү болсо тазалык да сакталат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: