Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн иш бөлмөсүндө орун басарлары менен футбол боюнча Азия кубогунун сегизден бир финалында беттешкен Кыргызстан-БАЭ оюнун көргөнүн “Өкмөт башчыбыз да оюнду көрдү” деп сүрөтү менен пиар кылышкан. Эртеси күнү парламенттин жыйынына М. Абылгазиев барбай калып, барган Бороновдон депутаттар “Абылгазиев эмне үчүн келбей калды?” деп сураганда, “Ооруп калды” деген жооп болду. Бороновдун ушул жообуна депутаттар күлүп
жиберишти. “Ооруп калды” деген жооп вице-премьер-министр айтчу шылтообу? Мектептеги 6-класстын окуучулары “Эмнеге келген жок?” деп мугалим сураганда, “Ооруп калыптыр” деп жооп беришет да. Өкмөт 6-класстын деңгээлине түшүп калганына
күлөсүң да анан. Премьердин футбол көргөнүнө эмес.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ