Туризм департаментине быйыл мамлекеттик бюджеттен 50 млн сом каралган. Бул тууралуу аталган департаменттин башчысы Максат Дамир уулу билдирди. Анын белгилешинче, бөлүнгөн каражаттын 70-80 пайызы 4-5 тарыхый объектини калыбына келтирүүгө жана туристтик аймактарга бараткан жолдорго даараткана салууга жумшалат.
Кошумчалай кетсек, былтыр бул департаментке мамлекеттик бюджеттен 7,8 млн сом каралган болчу.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ